Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:38

Жыл соңуна чейин аймактарда жаңы аэропорттор курулат


"Манас" аэропорту.
"Манас" аэропорту.

Жыл аягына чейин аймактарда жаңы аэропорттор пайда болорун “Манас” аэропортунун директору Манасбек Самидинов 31-июлда маалымат жыйында билдирди.

"Жазында Талас аэропортун ачтык. Азыр планда Нарын аэропорту турат. Казарман, Кербен аэропорттору да бүткөн. Жакын арада толук ачылат. Мындан тышкары чоңураак долбоор - Каракол аэропорту турат. Аны күзүндө ачабыз. Ал эми кийинки туристтик сезонго биз Тамчы аэропортунун аэровокзалын ачабыз", - деди ал.

Самидинов Жалал-Абад аэропорту шаардын ортосунда жайгашкандыктан, аны кеңейтүү мүмкүн эместигин, жаңы аэропорттун курулушу үчүн 300 гектардай жер бөлүнгөнүн кабарлады.

"Манас" аэропортунун учуп-конуу тилкесин оңдоо иштери үчүн да сынак жарыяланганын, долбоорлоого Кытайдын, Орусиянын, Түркиянын компаниялары катышарын кошумчалады.

"Манас" аэропорту жарым жыл ичинде 20 954 рейс аткарып, 2 млн 700 миң жүргүнчүнү ташыган. Анын 19 миңи (70%) эл аралык рейстер. Аба майдандын жалпы кирешеси 2024-жылдын биринчи жарымында 5 млрд 349 млн сомду түздү. Таза кирешеси 2 млрд 900 млн сом болду.

“Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомуна Кыргызстандын аймагындагы 11 аэропорт карайт. Алардын бешөө – “Манас”, “Ош”, “Ысык-Көл”, “Каракол” жана “Баткен” эл аралык, ал эми алтоо –“Жалал-Абад”, “Исфана”, “Караван”, “Казарман”, “Нарын” жана “Талас” аймактык макамга ээ.

XS
SM
MD
LG