ХАМАСтын башчысы Исмаил Хания жок кылынды

Исмаил Хания.

Ирандагы Ислам революциясынын сакчылары корпусу АКШ жана Евробиримдик террористтик уюм катары тааныган ХАМАСтын башчысы Исмаил Хания Тегерандагы өзүнүн резиденциясында жок кылынганын кабарлады.

ХАМАС бул маалыматты 31-июлда Телеграм-каналы аркылуу ырастады. Израил бул окуяга комментарий бере элек.

"Аль-Хадас" телеканалы Исмаил Хания түнкү саат экиде үйүнө ракета тийгенден кийин каза тапканын жазды.

Газа тилкесинде Израилдин сегиз айдан берки чабуулдарынан каза болгон палестиндердин жалпы саны 36 479га жеткени июнь айынын башында кабарланган. Израил армиясы (ЦАХАЛ) Газадагы операциясы уланып, курал-жарак жана ок-дары катылган жайлар жок кылынып жатканын маалымдаган.

Газанын 2,3 миллионго жакын калкынын көбү Израилдин чабуулдарынан баш калкалап, тилкенин улам бир аймагына барып жашынып жашоого мажбур болууда. Израилдин тилкедеги аскердик операциясына 2023-жылдын 7-октябрындагы окуя түрткү болгон. Бул күнү куралчан адамдар тобу 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 кишини барымтага алган, кийин алардын бир бөлүгү бошотулган, айрымдары каза болгону кабарланган.

Израил бул үчүн ХАМАСты айыптап, негизги максаты аны жок кылуу экенин билдирген. Газа тилкесин ХАМАС көзөмөлдөйт.

БУУ Газада каза болгондор боюнча жарыяланып жаткан маалымат күмөн жаратпай турганын билдирген.

Израил ХАМАС жараткан коркунуч жок кылынмайынча, операциясы токтобой турганын айткан.

Дагы караңыз

Статком: Кыргызстанда балдардын өлүмү азайдыЫсык-Көлдөгү 12 пансионаттын иши убактылуу токтотулдуИзраил Бейрутка сокку урду