Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:49

Израил Бейрутка сокку урду


Израил армиясынын соккусунан кыйраган имарат. 30-июль, 2024-ж.
Израил армиясынын соккусунан кыйраган имарат. 30-июль, 2024-ж.

Израил армиясы Бейруттун түштүк бөлүгүнө сокку урду. Алар "Хезболла" ислам радикал тобунун командирлеринин бирин бутага алышкан. Бул тууралуу Израилдин коргонуу армиясынын Телеграм-каналы жазды.

Билдирүүдө командир "Хезболла" Израил аннексиялап алган Голан дөңсөөлөрүндөгү Маждаль-Шамс шаарына ракеталык чабуул жасаганы үчүн "жоопкерчиликтүү экени" айтылат.

Бейрутка жасалган соккудан бир адам каза таап, 68 киши жарадар болду. Алардын бешөө оор абалда экенин Ливандын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Бейрутка жасалган соккудан жабыркагандардын бири.
Бейрутка жасалган соккудан жабыркагандардын бири.

Ар кандай ЖМКлар бутага алынган "Хезболланын" командири Фуад Шукр (Хадж Мохсин деген ат менен да белгилүү) болгонун жазышууда. Анын каза болгону же болбогону белгисиз.

27-июлда "Хезболла" Израил аннексиялап алган Голан дөңсөөлөрүндөгү Маждаль-Шамс шаарына ракеталык чабуул жасап, 12 адам каза тапкан. Каза тапкандардын көбү балдар, дагы 30 адам жараат алган. Израил ишемби күнкү чабуул үчүн ливандык "Хезболла" тобун айыптап, "душманга катаал жооп кайтарыларын" убада кылып, Газадагы согуш аймакка жайылып кетиши мүмкүн экенин эскерткен.

Израил 1967-жылы Араб мамлекеттеринин коалициясына каршы алты күндүк согушта Сириянын Голан дөңсөөсүнүн көпчүлүк бөлүгүн жана Иерусалим шаарынын чыгыш бөлүгүн ээлеп, 1981-жылы аннексиялап алган.

XS
SM
MD
LG