Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

Статком: Кыргызстанда балдардын өлүмү азайды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Беш жашка чейин курактагы балдар өлүмүнүн коэффициенти тирүү төрөлгөн 1000 балага 16.5 баланы түзөт. Чарчап калган ымыркайлардын коэффициенти болсо 1000 бала 15.6.

Бул тууралуу Улуттук статистика комитети жарыялаган Көп көрсөткүчтөр боюнча кластердик изилдөөдө (КККИ) айтылат.

Изилдөө соңку 15 жылда 5 жашка чейинки наристелердин өлүмү туруктуу төмөндөп жатканын жана 5 жашка чейинки балдардын өлүмүнүн көрсөткүчү билим деңгээли төмөн энелерде жогору экенин көрсөттү.

Балдар арасында эмдөөнүн деңгээли салыштырмалуу төмөн бойдон. Изилдөөгө караганда, 2-3 жаштагы беш баланын төртөө гана эмделген.

Изилдөө алкагында өлкө боюнча 7 миңден ашуун үй-бүлө саламаттык сактоо, билим берүү, аялдар менен балдарды социалдык жактан коргоо тармактарындагы 185 көрсөткүч боюнча сурамжылоого катышкан.

Изилдөө ЮНИСЕФтин, БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА), АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) жана Швейцария өкмөтүнүн техникалык жана каржылык колдоосу менен жүргүзүлдү. Ушундай эле мазмундагы изилдөөлөр буга чейин да (1995, 2006, 2014) жарыяланып келген.

Расмий маалыматтарга караганда, былтыр 8 айда 1250 баланын өлүмү катталган. Бул 2022-жылга салыштырмалуу дээрлик 100 балага көп. Тубаса кемтик менен төрөлгөн балдар арасында жүрөк, мээ, ичеги-карын, сөөк кемтиги сыяктуу оорулар басымдуу.

Дарыгерлер мунун себептерин экология, тамак-аш сапаты жана болочок эне-атанын ден соолугу менен байланыштырат.

2023-жылдагы маалыматка караганда, майыптыгы бар балдар Жалал-Абадда эң көп (7 миңден ашык), андан кийин Ош (6 миңге жакын) жана Чүй (5 миңден ашык) облустарына туура келет. Ал эми бир жашка чейинки ымыркайлар арасында өлүм көрсөткүчү Нарында (24%), Баткенде (17.7%), Бишкек шаарында (16.1%), Ош шаарында (12%) өскөн.

XS
SM
MD
LG