Улуттук банктын төрагасы доллардын арзандашына түшүндүрмө берди

Иллюстрация.

Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев Кыргызстанда АКШ долларынын курсу төмөндөп жатканы боюнча 30-июлдагы маалымат жыйында түшүндүрмө берди.

Ал доллардын арзандашын туристтик сезонго байланыштырып, сырттан келгендердин саны өсүп, аны менен кошо өлкөдө доллардын көлөмү көбөйгөнүн белгиледи.

“Улуттук банк күн сайын рыноктогу кырдаалга көз салып турат. Алмашуу курсундагы туруктуулукту камсыз кылуу үчүн жыл башынан бери 15 жолу интервенция жасадык. Анын үч жолкусунда рынокко доллар сатсак, 12синде доллар сатып алдык. Жалпы интервенциянын көлөмү 308 миллион долларды түздү”, - деди Тургунбаев.

Кыргызстанда соңку учурда АКШ долларынын сомго карата наркы төмөндөп жатканы байкалууда. Улуттук банктын сайтындагы маалыматка ылайык, 30-июлга карата 1 доллар 84,03 сом деп бааланууда.

Дагы караңыз

АКШ Украинага 1,5 млрд жана 200 млн долларлык эки пакет жардам көрсөтөтБир катар өлкөлөр жарандарын Ливандан чыгып кетүүгө чакырдыУлуттук банк өлкөдө инфляциянын көрсөткүчү төмөндөп жатканын билдирдиАта-энеси миграциядагы балдар 86 миңден ашат