Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:42

Ата-энеси миграциядагы балдар 86 миңден ашат


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Кыргызстанда ата-энеси миграцияга кетип, жакындарынын колунда калган балдардын саны 86 миңден ашат.

Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова 29-июлдагы маалымат жыйында билдирди.

Балдардын 85% ата-энеси чет өлкөдө, калганы ички миграцияда. Мындай маалымат министрлик эмгек мигранттарынын балдарын аныктоо, үй-бүлөлүк, балдарга карата зомбулуктун алдын алуу максатында жарым жылда 296 миңден ашык үй-бүлөнү кыдыргандан кийин белгилүү болгон.

Кыргызстанда ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын зордук-зомбулукка кабылып, өлүм менен аяктаган окуялары катталган.

Мигранттардын балдарынын кейиштүү тагдыры, алар туш болгон зордук-зомбулук окуяларынан улам кыргыз өкмөтү "Мигранттын баласы" деген аталышта атайын программа иштеп чыккан. Анын негизинде жергиликтүү социалдык кызмат көрсөтүү башкармалыктарында мигранттардын балдары каттоого алынып, жергиликтүү бийликке, айыл өкмөттөргө жана мектептердеги социалдык педагогдорго алар менен тыгыз иштешүү милдети тапшырылган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров 10-июнда Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар экенин айткан. 2022-жылы бул сан 587 миң болчу.

XS
SM
MD
LG