Орусияда дрон чабуулунан электр станциясы жабыркады

Иллюстрациялык сүрөт

Орусиянын Коргоо министрлиги 29-июлга караган түнү беш облуста 39 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Воронеж облусунун Газопровод айылында коммуналдык объект иштен чыкканын аймак башчысы Александр Гусев Телеграм-каналына жазды.

Орлов облусунда учкучсуз аппараттардын чабуулунан электр станциясы жабыркады. Бул тууралуу губернатор Андрей Клычков маалымдады.

“Ыкчам кызматтар аба чабуулдун кесепеттерин жоюунун үстүндө иштеп жатышат. Окуя болгон жерде укук коргоо органдары иш алып барышууда”,- деп жазды Клычков.

Ал электр станциясы канчалык жабыркаганын тактаган жок.

Орлов облусу Украина менен чектешпейт. Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө да Орлов облусундагы чабуул тууралуу маалымат жок.

Андан тышкары Брянск облусунун губернатору Александр Богомаз төрт украин дрону атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

Москва Украинага 2022-жылдын февраль айында кеңири масштабдагы согуш ачканы Орусиянын ар кайсы облустары дрон чабуулдарына дуушар болуп келет. Кремл абадан жасалган кол салууларды Киевден көрөт. Украин бийлиги Орусиянын аймагында болгон окуяларга комментарий бербейт.

Ал эми Украина менен чектеш Белгород облусу дээрлик күн сайын аткылоолорго туш болуп келет.

Дагы караңыз

Эрдоган: Түркия палестиналыктарга жардам берүү үчүн Израилге кириши мүмкүнУКМК уюлдук телефондорду милдеттүү каттоонун мөөнөтү узарганын билдирдиФерганада кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча жумушчу топтун жыйыны өттү