Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:45

УКМК уюлдук телефондорду милдеттүү каттоонун мөөнөтү узарганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет уюлдук телефондорду ыктыярдуу каттоонун мөөнөтү 15-августка чейин узартылганын 29-июлда маалымдады.

Анда буга чейинки милдеттүү каттоодон өтпөгөн уюлдук операторлордун абоненттерине эч кандай чектөө болбой турганы жазылган.

“Кабыл алынган өзгөртүүлөрдүн алкагында каттоо үчүн 600 сом өлчөмүндөгү милдеттүү төлөмдөрдү, анын ичинде кошумча нарк салыгын жана сатуудагы салыкты төлөө түздөн-түз мобилдик телефондордун сатуучуларына, импорттоочуларына жана ритейлерлерине жүктөлөт”, - деп жазылган маалыматта.

Буга чейин 25-июндан тартып Кыргызстанда уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоо башталган. Юстиция министрлигинин маалыматында мындай чара рынокту жасалма телефондордон коргоо, телефондордун уурдалышын жана телефон алдамчылыгын азайтуу максатында жүргүзүлүп жатканы кабарланган. Ага ылайык, Мамлекеттик идентификация системасында катталбаган телефондор өлкөнүн бир да мобилдик операторунун байланыш кызматынан пайдалана албайт.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык жарандар пайдаланып жүргөн телефондор системага акысыз түрдө катталары белгиленген.

Чет өлкөдөн алынган кол телефондордун ээлери www.imei.kg. сайтында катташы керек. 25-июндан тартып, эки ай ичинде жарандар эки телефонго чейин акысыз каттай алышат.

Кол телефондун IMEI-коду катталганын *#06# санын терип билүүгө болот. Телефондун IMEI-коду анын кутусунда, корпусунда жана аккумулятордо көрсөтүлөт.

Кыргызстанда колдонуудагы мобилдик телефондордун саны тууралуу статистика жок.

XS
SM
MD
LG