Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:07

Эрдоган: Түркия палестиналыктарга жардам берүү үчүн Израилге кириши мүмкүн


Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 28-июлда Анкара палестиналыктарга жардам берүү үчүн Израилге кириши мүмкүн экенин билдирди. Рейтер агенттигинин маалыматына караганда, ал Түркиянын Ливиядагы жана Тоолуу Карабак аймагындагы аракеттерин эске салды.

Израилдин Газа тилкесине кол салышын сындаган Эрдоган Ризе шаарында бийликтеги Ак партиянын жыйынында сүйлөгөн учурда: "Израил Палестинада акылга сыйбас иштерди кылбашы үчүн биз абдан күчтүү болушубуз керек. Тоолуу Карабак менен Ливияга кандай кирсек, аларга да ошондой кыла алабыз, буга эч тоскоолдук жок", - деди.

Бирок түрк лидери жана анын партиялаштары Анкаранын кадамы тууралуу так маалымат берген жок.

2020-жылы Анкара өз аскерлерин Ливиянын БУУ тарабынан таанылган Улуттук макулдашуу өкмөтүн колдоо үчүн жөнөткөн. Ал эми Түркия Азербайжандын Тоолуу Карабактагы аскерий операциясына тиешеси жок экенин билдирген. Ошол эле учурда былтыр түрк бийлиги жакын союздашын колдоо үчүн бардык ыкмаларды, анын ичинде аскерлерди даярдоо жана модернизациялоо боюнча жардамды колдоно турганын билдиргенин Рейтер агенттиги жазды.

Түркиянын Соода министрлиги 9-апрелде Израилге айрым товарлардын экспортун чектей турганын билдирген. Бул чечим Газа тилкесинде ок атышпай турганын жарыялаганга чейин күчүндө болору белгиленген.

Газадагы согуштун башталышына "хамасчылардын" 7-октябрда Израилдин аймагына кирип барып, 1200дөй кишини өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алышы түрткү болгон. Израил армиясы радикал топту жок кылуу максатында Газада аскердик операциясын баштаган. Тогуз айдан бери анклавда кеминде 39 миңдей кишинин өмүрү кыйылганын аймактын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирүүдө.

27-июлда Израил оккупациялап алган Маждаль-Шамс шаарына жасалган чабуулда 12 адам мерт болуп, 30дан ашыгы жараат алды. Тель-Авив буга ливандык "Хезболла" радикал тобун күнөөлөп, ага жекшембиде сокку менен жооп кайтарды.

Ошол эле күнү Израил Газадагы мектепке сокку уруп, кеминде 30 киши каза таап, 100дөн ашууну жараат алды.

Израил жана Батыш өлкөлөрү ХАМАСты "террордук кыймыл" катары тааныган, Түркия андай деп эсептебейт. (ElB)

XS
SM
MD
LG