Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:56

Ферганада кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча жумушчу топтун жыйыны өттү


Министрлер кабинети тараткан сүрөт.
Министрлер кабинети тараткан сүрөт.

22-27-июль күндөрү Өзбекстандын Фергана шаарында кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу 28-июлда Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда кыргыз-өзбек чек арасынын Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы жана Өзбекстандын Наманган жана Фергана облустарына чектеш жайгашкан айрым участоктордо талаа изилдөө иштери жүрдү.

“Сүйлөшүүлөр достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өттү. Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу Кыргызстандын аймагында өтөт”, - деп жазылган маалыматта.

Демаркация - мамлекеттик чек ара сызыгын жеринде белгилөө, атайын чек ара белгилерин коюу.

Өзбекстан менен чек аранын жалпы узундугу 1314 чакырым, анын баары такталып бүткөнү айтылган.

XS
SM
MD
LG