Ферганада кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча жумушчу топтун жыйыны өттү

Министрлер кабинети тараткан сүрөт.

22-27-июль күндөрү Өзбекстандын Фергана шаарында кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу 28-июлда Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда кыргыз-өзбек чек арасынын Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы жана Өзбекстандын Наманган жана Фергана облустарына чектеш жайгашкан айрым участоктордо талаа изилдөө иштери жүрдү.

“Сүйлөшүүлөр достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өттү. Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу Кыргызстандын аймагында өтөт”, - деп жазылган маалыматта.

Демаркация - мамлекеттик чек ара сызыгын жеринде белгилөө, атайын чек ара белгилерин коюу.

Өзбекстан менен чек аранын жалпы узундугу 1314 чакырым, анын баары такталып бүткөнү айтылган.

Дагы караңыз

Быйыл Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун 40 чакырымы курулатКыргызстандын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрү үчүн менчик имараттар сатып алынатБишкектин тургуну жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашка барууга шектелип кармалдыЯкутияда токой өрттөнүп жатат