Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

Якутияда токой өрттөнүп жатат


Якутиядагы өрт жалмаган токой. (архивдик сүрөт)
Якутиядагы өрт жалмаган токой. (архивдик сүрөт)

Якутияда аянты 1 миллион гектардан ашык болгон токойдо 132 табигый өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу аймактагы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, өрт өчүрүү үчүн 2000ге жакын адам тартылды. Бир суткада 23 миң гектардан ашык аянтты ээлеген алты өрт өчүрүлгөн. ӨКМдин авиациясы бир сутка ичинде 193 тонна суу ташыган.

22-июлдада өрт чыккан токойго жакын жайгашкан Якутиянын Оргет айылынын тургундарынын бир бөлүгү эвакуацияланган. Якутиядагы токой өртүнө байланыштуу федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Буга чейин Орусиянын дагы башка аймактары Тувада, Хабаровск, Забайкальеде жана Бурятияда токойлордогу өрткө байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилген. (AiA)

XS
SM
MD
LG