Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:02

Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрү үчүн менчик имараттар сатып алынат


Кыргызстандын Франциядагы элчилигинин жаңы имараты.
Кыргызстандын Франциядагы элчилигинин жаңы имараты.

Президент Садыр Жапаров 29-июлда “Кабар” агенттигине курган маегинде чет өлкөдөгү дипломатиялык мекемелер жана кызматкерлери үчүн мамлекеттин эсебинен имарат сатып алуу демилгеси тууралуу түшүндүрмө берди.

Жапаров мүлктү сатып алуу менен ижарага кеткен каражат үнөмдөлө турганын белгиледи.

“Бир эле мисал келтирейин. Калгандары баары окшош эле. Мисалы, Нью-Йоркто БУУдагы биздин өкүлчүлүк бар. Андагы өкүлүбүзгө 30 жылдан бери ижарага батир алып берип келет экенбиз. Айына 5 миң доллар ижара акысын төлөп жатыптырбыз. Элестеткиле эми, 30 жылда канча акчабыз кеткенин. Бир эле өкүлүбүзгө 4 батирдин акчасы кетиптир. Эгерде тээ башында эле 1 батир сатып бергенибизде, 10 эле жылда өзүн актап, түбөлүккө мамлекеттин менчиги болуп калмак. 4 батирдин акчасы жөн эле ижара акысына кетип калыптыр”, - деди президент.

Анын айтымында, Кыргызстандын 30 өлкөдө элчилиги, 11 өлкөдө консулдуктары жана БУУда өкүлчүлүктөрү бар. Алардын жашаган турак жайына мамлекеттин казынасынан каражат бөлүнүп келет. Москва, Берлин жана Брюссель шаарларында Кыргызстандын өзүнүн менчигиндеги имараттар бар.

Жапаров мындан ары ижарага алуудан кетип, бардык өкүлчүлүктөргө имарат сатып берүү боюнча тапшырма берилгенин, иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров 26-июлда Францияга иш сапарынын алкагында Кыргызстандын Париждеги элчилигинин жаңы сатып алынган кеңсесине барган. Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз элчилик мурда ижарага алынган 53 чарчы метр жерде иштеп келгенин, мамлекеттик менчиктеги жаңы имараттын аянты 320 метр экенин айтып берген.

XS
SM
MD
LG