Милиция өзүн "ханзаада" деп атап алган өспүрүмгө зомбулук кылган жарандын сабалышын иликтеп жатат

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы.

Интернетте, социадык тармактарда өспүрүмдөн өзүнө "ханзаада" деп кайрылууну талап кылып, ага бутун өптүргөн бала сабалганы тартылган видеолор тарады. Анда беттерин чүмкөгөн үч-төрт жаран өспүрүмгө зордук көрсөттү деген Ислам аттуу 19 жаштагы баланы талаага алып барып сабап, опузалап жатканы тартылган.

Бул видео качан жана кайда тартылганы азыр белгисиз.

Облустук милиция бул фактыга байланыштуу тергеп-иликтөө баштаганы белгилүү болду.

Ички иштер министрлиги өспүрүмгө зордук көрсөтүүгө шектүү жаран кармалганын 28-июлда билдирген. Бул фактыга байланыштуу Сокулук райондук ички иштер бөлүмү алгач "бейбаштык" беренеси менен иш козгоп, көп өтпөй ал “уруп-сабоо” беренесине алмаштырылганын кабарлаган.

“Сокулук райондук милициясы шектүүнүн тек-жайын аныктады. 2005-жылы туулган Ч.И. аттуу ал жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөөнүн жүрүшүндө анын ушул сыяктуу дагы башка окуяларга тиешеси бар экени аныкталып, учурда кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинен (“бейбаштык), 138-беренесине (Уруп-сабоо кыйноо) которулду. Бардык керектүү соттук-укуктук экспертиза дайындалып, тергөө уланууда”, - деп жазылган маалыматта.

ИИМ жарандарды ушундай окуялар тууралуу коомчулукка жарыялоодон мурда дароо милиция кайрылууга чакырган.

Дагы караңыз

Францияда темир жол каттамдары толук калыбына келе элек ИИМде 25 жетекчи тартиптик жазага тартылып, бири иштен алындыКеминде чиркөөнүн айнектерин сындырууга шектүү жаран кармалды ХАМАС Газадагы мектепке урулган соккуда 30дай адам мерт болгонун билдирди Голан дөңсөөлөрүнө жасалган чабуулда 10дон ашык адам мерт болдуЧыныбай Турсунбековдун кызы башка жакка кетпөө тилкаты менен бошотулду Париж Олимп оюндары: Петрашов 23-орунду алды