Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:13

Чыныбай Турсунбековдун кызы башка жакка кетпөө тилкаты менен бошотулду


Айдай Турсунбекова. Сүрөт анын Фейсбук баракчасынан алынды.
Айдай Турсунбекова. Сүрөт анын Фейсбук баракчасынан алынды.

Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун чечими менен Жогорку Кеңештин мурдагы спикери, маркум Чыныбай Турсунбековдун кызы Айдай башка жакка кетпөө жөнүндөгү тилкаттын негизинде абактан чыкты.

Аталган соттун басма сөз кызматынан "Азаттыкка" билдиришкендей, анын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөөчүлөрү өтүнүч келтирген.

Мунун алдында атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевге ыктаган айрым журналисттер, басылмалар Турсунбековдун кыздары "Капитал банктагы" акцияларынан ажыраганын жазып жатышкан.

Турсунбековдун "Акун" пансионатын иштеткен кызы Айдайга Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси ("кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоо" беренеси менен кылмыш иши козголгону 19-июлда белгилүү болгон. Биринчи май райондук сотунун чечими менен 24-августка чейин камакка алынган. Ушул эле күнү аталган сот экс-спикердин дагы бир кызынын бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгарганы белгилүү болгон.

Ташиев апта башында 7-каналга курган маегинде Турсунбековдун кыздарынын кармалышы тууралуу комментарий берген. Экс-спикерди жана анын үй-бүлөсүн мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимге таандык банкты "рейдерлик" жол менен басып алган деп айыптаган.

"Биздин тушубузда эч кандай жеке менчикке кол салуу деген болбойт. Анын баары мурунку замандарда калган, азыр андайга жол берилбейт. Булар 2010-жылы Максим Бакиевге тиешелүү "Акылинвестбанкты" рейдерлик жол менен тартып алышкан. Чыныбай Турсунбеков аялы Нуржан Тентимишовага каттатып, атын "Капитал банк" деп өзгөрткөн. Ошондон бери "Капитал банк" болуп иштеп келе жатат", - деген Ташиев.

Турсунбековдор Бишкек арак заводун 1,5 гектарга жакын жери менен кошо мыйзамсыз менчиктештирип алганын, Ысык-Көлдө 18 гектар жерди да мыйзамсыз алып, пансионат салганын да айткан. Бул жерлер мамлекетке кайтарылып жатканын, заводдун жерине Мамлекеттик ипотекалык компанияүй салып, банкты сатып, акчасы ошол курулушка жумшаларын билдирген.

Турсунбековдун кыздары, жакындары жана адвокаттары буга байланыштуу комментарий берген эмес.

УКМК 2022-жылдын аягында “Акун” пансионатына Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылындагы 17,65 гектар жер тилкеси мыйзамсыз берилгенин, 371 миллион сомго бааланган участок мамлекеттке кайтарылганын билдирген.

Атайын кызмат анда “Ысык-Көл райондук соту 2008-жылы жер тилкеси тууралуу мыйзамсыз чечим чыгарганын, анын натыйжасында Мамлекеттик каттоо органы жеке менчик укугуна мамлекеттик акты мыйзамсыз бергенин” маалымдаган. Экс-спикердин кызы Айдай Фейсбук баракчасына “Акун” пансионаты турган жер мыйзамдуу түрдө аукциондон сатылып алынганын жазган.

"Акун" пансионаты Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, маркум Чыныбай Турсунбековдун жакындарына таандык. Турсунбеков 2020-жылдын июль айында 60 жаш курагында оорудан улам дүйнөдөн кайткан.

XS
SM
MD
LG