Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:35

Голан дөңсөөлөрүнө жасалган чабуулда 10дон ашык адам мерт болду


Израил оккупациялап алган Голан дөңсөөлөрүндөгү Маждаль-Шамс шаарына жасалган чабуулда кеминде 12 адам мерт болуп, дагы 30дан ашыгы жараат алды. Израил армиясынын (ЦАХАЛ) билдиришинче, набыт кеткендер жана жараат алгандар 10-20 жашта болгон.

Ракеталык сокку Ливан тараптан келгени айтылууда. Ал футбол аянтчасына, балдар топ ойноп жаткан маалда урулган.

Тель-Авив буга байланыштуу ливандык “Хезболла” радикал тобун күнөөлөдү. Бирок бул уюм Маждаль-Шамска жасалган чабуулга тиешеси жоктугун билдирди.

Израилдин түндүгүн жана Голан дөңсөөлөрүнүн” Хезболла” соңку учурда маал-маалы менен аткылап келген.

Ушул тушта АКШда жүргөн өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун канцеляриясы ал сапарын токтотуп, "мүмкүн болушунча эрте кайтып келерин" билдирди. Ал “Хезболла” олуттуу кесепеттерге кабыларын эскертти.

Израил 1967-жылы араб мамлекеттеринин коалициясына каршы алты күндүк согушта Сириянын Голан дөңсөөсүнүн көпчүлүк бөлүгүн жана Иерусалим шаарынын чыгыш бөлүгүн ээлеп, 1981-жылы аннексиялап алган.

Израил менен Ливандын чек арасындагы кырдаал былтыр октябрда АКШ менен Европа мамлекеттери террордук деп эсептеген Палестинадагы ХАМАС тобу Израилге кол салгандан кийин курчуй баштаган.

XS
SM
MD
LG