Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:36

ИИМде 25 жетекчи тартиптик жазага тартылып, бири иштен алынды


ИИМдин имараты.
ИИМдин имараты.

Ички иштер министрлигинин соңку коллегиясында 25 жетекчи ишиндеги кемчиликтерден улам тартиптик жазага тартылып, бири кызматтан алынды. Мекеменин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бир катар жетекчилердин ишине тогуз айдын жыйынтыгы менен баа берилет.

“Бул коллегияда кабыл алынган чечимдер ИИМдин көзөмөлүндө болот, алардын аткарылышына өзгөчө көңүл бурулат”,- деп жазылган маалыматта.

Мекеме жазага тартылган жетекчилердин аты-жөнүн коомчулукка жарыялаган жок.

Өлкөдө соңку бир катар чуулгандуу окуялардан улам милиция кызматкерлерине карата сын-доомат күчөгөн.

Май айында Бишкекте жана ага жакын Чүйдүн аймактарында тополоңго байланыштуу Свердлов райондук милициясынын жетекчиси баштаган он кызматкер иштен алынган.

Жогорку Кеңеште тополоңдун алдын алууга жетиштүү чара көрүлбөгөнү айтылып, бул окуяларга байланыштуу министр Улан Ниязбековдун жоопкерчилигин кароо маселеси көтөрүлгөн. ИИМ дооматтарды четке каккан.

XS
SM
MD
LG