Кеминде чиркөөнүн айнектерин сындырууга шектүү жаран кармалды

Ички иштер министрлигинин имараты.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдөгү Кемин районунда чиркөөнүн жана үйлөрдүн терезесин сындырууга шектүү жаран кармалганын билдирди. Ага ылайык, 1977-жыл туулган жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (“бейбаштык”) менен кылмыш иши козголду, тергөө уланып жатат.

ИИМ тараткан видеодо кылмышка шектүү күнөөсүн мойнуна алган жана кандайдыр бир кастыкты козутуу ниети болбогонун билдирип, коомчулуктан кечирим сураган.

“Учурда Кеминде тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат, жыйынтыгында аймакта улут аралык чыр-чатак жана башка диний пикир келишпестик аныкталган жок. Кандайдыр бир чагым болсо ага токтоосуз чара көрүлөт”,- деп жазылган маалыматта.

Кеминдеги бул окуяга байланыштуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бул аймакка барып, жолугушууларды өткөргөн.

Дагы караңыз

ИИМде 25 жетекчи тартиптик жазага тартылып, бири иштен алындыХАМАС Газадагы мектепке урулган соккуда 30дай адам мерт болгонун билдирди Голан дөңсөөлөрүнө жасалган чабуулда 10дон ашык адам мерт болдуЧыныбай Турсунбековдун кызы башка жакка кетпөө тилкаты менен бошотулду Париж Олимп оюндары: Петрашов 23-орунду алдыТүндүк-түштүк кошумча жолундагы Көгарт тоннелин бетондоо аяктады ТИМ Казандагы кыргыз мигранттары жасаган кайрылууга жооп берди