Тоолуктардын ойго келбес тамашасы

Дагестан

Даргин жазуучусу Ахмедхан Абу-Бакардын жумшак юморго ширелген көркөм баяндарында тоолуктардын турмушу ушунчалык кызык, эсте каларлыктай элестүү тартылган. Алардын бир топтомун жазуучу "Тоолуктардын эрмеги" деп атаган.

Асман тиреген аска-зоолордун арасында күн кечирген элеттиктердин аскияларынан азыноолак сунуштайбыз.

Тоонун суусу

Айтымда бир тоолук жайлоодон жакага түшүп келатып аптаптуу жайда боргулдана тердеп дарыяга бир чөмүлүп алгысы келет. Жай аккандай көрүнгөнү менен тоонун суусу катуу агат экен.

Тиги байкушту суу агызып кетип өлдүм-талдым дегенде төмөнтөн аман чыгып, байлануу турган атынын ээринин кашында илинип турган арканын алып, анын бир учун даракка, экинчисин белине байлап кайрадан сууга кирет. Сууга чөмүлүп чыгып сууга карап сүйлөнүп жатты. Ага таң калган өтүп бараткандардын бирөө эмне кылып жатканын сураса тиги дарыядан өч алып жатканын айтып:

"Эми эр болсо мени агызып көрсүн. Кана, эмне үчүн агызбайсың, аа? Сен акылдуумун деп ойлогонсуң го? Жок. Эгер сен түлкү болсоң, мен – түлкүнүн куйругумун",- дейт.

Даргин Мирза-Ражаб шаарга барып небересине суроо узатат. Жөнөкөй суроо. Небереси "деңиз" эмне десе, "деңиз – суу" дейт. Чоң атасы суу графинде деле, кранда, түтүктүн ичинде туранын айтса, сезимтал наристе, "деңиз – эркиндиктеги суу" деп атпайбы.

Чындык

Мустафага аялынын Халилдикине "куда болуп барып кел" дегени жакпады. Булардын жалгыз уулуна Халилдин кызы жагып калган окшойт, аялы жанын койбой улам-улам эскерткенинен тажап, соңунда макул болду.

Аялы: "Ой, мен алар менен сүйлөшүп койдум, эми, салтты сактап, сенин барып кулдук уруп коюшуң гана калды, – деп безилдеди". Арга барбы, барбаса аялы кулак-мээсин тынчытпасын ойлоп Мустафа Халилдин саклясына (үйүнө) көтөрүлдү.

"Халил аны кучак жайып тосуп алды, аялы жадырап дасторкон жайды. Анан дасторкон четинде Мустафа сөз баштады:

– Менин эмнеге келгенимди билесиңерби?

– Айтсаң билебиз.

– Оңтойсузданып турам, бирок айтпасам болбойт, уулум үчүн сенин кызыңдын колун сурап келдим, ошентсе да бир эскерте кетчү нерсе бар: эгер менин жүз кызым болсо, сенин меникиндей жалгыз уулуң болсо, мен ага бир кызымды да бербес элем".

Ушундай ачык адамдар. Чындык деген тоонун мөлтүр суусундай таза, анын мөңгүнүн музундай ичиркентип иймейи да бар.

Айыл болгондон кийин ар кыл окуялар көп болот. Тоону боорлоп кеткен жалгыз аяк кыя жол чоңуна кошулган жерде Кудагулук жесир менен Катагнилик дыйкан учурашып калды. Жалгыз аяк жол коого алып чыкты. Кудагулук салтаң, катагниликтин колу бош эмес эле.

"Жигиттин жонунда көтөргөн казан, бир колунда колтугуна кыса кармаган тоок, экинчи колунда – таяк, ал аз келгенсип, мүйүздүү текени жетелеп алган. Жол коо аркылуу өтөт. Ушул жерге келгенде жаш жесир буйдалып калды.

– Кеттик, эмне токтоп калдың?

– Корком!

– Эмнеден коркосуң?

– Биз коонун ичине киргенде сен мени бирдеме кылып коёсуңбу деп корком... – дейт жесир, уялганынан бети чоктой кызарып, жоолугу менен калкаланып.

– Кайдагы немени айтасың, өзүң көрүп турбайсыңбы, жонумда казан, колтугумда тоок, экинчи колумда таяк, ал аз келгенсип жетелегеним теке болсо. Менин колум байлануу, коркпо, – деп жигит жесир келинди ынандырууга аракеттенет.

– Ооба, сага ишенип болобу... Таягыңды жерге саясың, ага текени байлайсың, казанды көмкөрөсүң да, тоокту бастырып коюп, анан мага кылгылыкты кылсаң ээ! Сага ишенип болобу!? Бул айтылгандардын мааниси жигитке жетти да, кыйкырып жиберди:

– Мындай акыл менин оюма эч качан келбес эле!
Ошентип коонун ичине түшкөндө жигит таякты жерге сайды, текени ага байлады, казанды тооктун үстүнө көмкөрдү да, жигит каалаган ишти жасады. Анан экөө коодон аман-эсен өтүп кетишти».

Тоолуктардын кызык сөздөрүнүн көбү гудеканда айтылат.

Даракпы – мөмөбү?

Бир жолу бакылдагандар жер жүзүндө дарак мурда пайда болгонбу же мөмөсүбү деп кызыл чеке талашка түшүп кетишти. Бирин экинчиси угайын деген бирөө жок, баары өзүнүкүн туура көрүп талаш күчөй берди, сөз токтолчудай эмес. Дарактан мурда мөмөсү пайда болгон, дегендерди угуп эле отургуң келет, туура да, анын уругунан дарак өсүп чыгат. Экинчи тарап дарак мурда чыккан, анан ал мөмөлөп, мөмөдөн дарак, дарактан бак болорун, көбөйүп отуруп бактан токой чыгарын ырастап ийишти.

Кызыл чеке талашка Акылмандын уулу Сурхай кошулбай сыртта байкап турган, бир маалда колун көтөрүп: "токтогулачы, талашканча тиги капчыгайдын ичине топурак төгүп толтуралы да, ошол жерге бак тигели" деди.

Талаштын кызыгына баткандар элее калып "тамашаңды койчу" дешти. Капчыгайды кантип топурак менен толтурат? "Силердин талашыңар бүткүчө, биз капчыгайды топуракка толтуруп, андагы бактын мөмөсүнөн жасалган кыямды дербент чайга кошуп ичип калабыз", - деди Сурхай.

Мөмө демекчи, цудахарлык багбан өрүк артып келаткан эшеги кыядан учуп капчыгай менен бир болуп күрпүлдөп агып жаткан дарыяга кулап түшкөн соң үнү жеткиче бакырып элди чакырды, эмнеге деп элейип анын оозун карап калгандарга мындай деп атпайбы:

"– Мына, айланайын эл-журт, мен силерди бул жерге чакырганымдын себеби, кийин силер менин башымды айландырып: бул кандайча, кай жерде болду эле, эшегиң кайсы аскадан кулап, кайда барып түштү эле дешпесин дедим. Мына, өзүңөр көрүп алгыла! Ушинтти да, этеги делдейген кийиз калпагын көзүнө түшүрө кийип, жолуна түштү".

Мекке

Тоолуктар аска-зоолордун арасында калып кеткен азыноолок тектир, тайпа жерине эккен эгининен жарыбаган түшүмүн жыйнап алган соң төмөнгө - өрөөнгө түшчү. Жашоо-тирдик бийикте жашагандарды ошентип түзгө түшүрөт. Ошондой иш көйгөйү менен түшкөн тоолуктар суунун жээгине отурушуп кементайын жаза салып намаз окумакчы болушат. Убакыт бешим намазынын маалы экен.

"Алардын бирөө бут кийимин, бешмантын чечет, даарат алат да, кийимин жая салып, намаз окумакчы болот. Бирок кайсы жакты карап окуу керектигин унутуп калат да, кадырмандардын бирөөнө кайрылат:

– Айтчы, кудай жалгагыр, жаңылып калбас үчүн мен жүзүмдү кай тарапка бурушум керек?
Кадырман болсо мындай сапарда көп жүрүп, тажрыйбалуу болуп калган неме экен, мыйыгынан күлүп туруп айтат:

– Жаңылып калбас үчүн, кымбаттуум, сен кийимдериңди чечкен, бут кийимиң турган тарапка жүзүңдү бур! Анткени менин башыман өткөн: мен Каабага бурулуп намазга жыгылганда, кийимдерим жылан сыйпагандай жок болуп, сапарымды жыңайлак улагам".

Аял бий

Ал эми бул окуя болсо илгери , тоолуктар айткандай, жолдордо жырткычтар эмес, каракчылар жойлоп жүргөн кезде өткөн экен.

Абдул-Азиз деген төкөр арабага кап-кап оокатын жүктөп тоосуна кайтып келаткан болот. Көпүрөдөн аны каракчылар тоноп алып, эрмек таппай эригип отургандар тиги байкушту бийле дешет. Айла жок, үйлөнүү тоюнда бийлебеген Абдул-Азиз билген бийин бийлейт, каракчылар аны сүрөөнгө алып "эми аялча бийле" дешет. Айласы куруган Абдул-Азиз "ансыз деле аялча бийлеп жатам. Эгер мен эркек болсом мени минтип шылдыңдап күлгөнгө силерге жол берет белем?" дейт.
Али менен Вали деген эки дос санаасы жок жашап жүргөн күндөрдүн биринде Алинин аялы чатак баштайт. Тилдүү катын күйөөсүн Асият менен соо эмес деп чыгат. Анысын элдин баарына жайып, күйөөсүн күндө жемелейт. Айласы куруган Али актыгын Вали досу аркылуу ырастоого киришип, тигини ортомчулукка жөнөтөт. Вали аны айтса да, муну айтса да Алинин аялы ишенбейт, «калп айтып жатасың» дейт. Ошондо ал чындыгын ачыкка чыгарат.

"Бирок бир шарт коём, сен мени калпычы дегениңди коёсуң жана эриңдин жер-жеберине жеткениңди токтотосуң.

– Жарайт, айт.

– Айтам. Айта албайт деп ойлойсуңбу. Сенин мени калпычы атаганың мага жагып жатат деп ойлойсуң го! Сенин Алиң, эгер ошончо эле билгиң келсе, Асият менен байланышын эчак токтоткон, азыр ал Забидат менен жүрөт.

Досунун бул жардамынан кийин эмне окуя болгону жөнүндө тарых унчуга элек".

Артис "кыз"

Тоолуктар 30-жылдары совет бийлигинин жаңылыктарына аз-аздан көнүп, маданий иш-чараларга келе баштаган. Аларга айрыкча сахнада ойнолгон оюндар, пьесалар жагат. Артисттердин өнөрү баарын курсант кылат.

"Бирок сахнага чыгып, ырдап-бийлөө деген, астахпырулла, андай шермендечиликке эч ким бара элек болчу; пьесаларда аялдардын ролун ал кезде жаш жигиттер аткарышар эле. Күндөрдүн биринде, ал кезде али боз улан, азыр биздин белгилүү акыныбыз Шах-Эмир кыздын ролун ойноп чыгат. Ойногондо да ушунча жакшы ойноптур, оюнду карап олтурган энеси ушунчалык берилгендиктен бышактап ыйлап, жанындагы олтурган коңшусунан сураптыр:

– Бул уятсыз кимдин кызы болду экен? Эгер тигил тырың-пырыңдарын таштоого макул болсо, менин уулума мындан артык колукту табылбас эле!"

Журналистиканын түйшүгү деге кыйла го. Хужа-Али тууралуу редакцияга келип түшкөн материалды текшерүү үчүн Сутбук айлына келген журналист издеген адамын оңой эле табат. Анысы гудеканда отуруптур. "Редакцияга сен жөнүндө материал түштү..." дейт. Редакция, материал...

"– Мен жөнүндө? Материал дейсиңби? – күтүүсүздүктөн Хужа-Али бети-башын тырыштырды. – Менин кошуналарым бир нерсе чиймелешсе керек. Гм-гм, тим жүрүшпөйт да! Кана, алардын каалаганы эмне экен? Макул, мен жаш аял алыпмын, анда алардын эмнеси кетти, аа?
– Жок, сөз ал жөнүндө эмес... – репортер мыйыгынан жылмайды.

– А-а, билдим, – деди Хужа-Али башын ийкегилеп, – колхоздун койлоруна өз койлорумду кошподум беле, ошону жазышкан го! Э-э?

– Жок, тапкан жоксуң…

– Токто, токто, дароо башыма келбегенин кара, –

Хужа-Али алаканы менен маңдайын "тарс" чапты, – токойдон эки-үч бак кыйбадым беле, ошол жөнүндө го, ээ? үч жыгач үчүн да кагазды карала кылышабы, гм-гм-гм, мына, кагаз баарына чыдайт деген ушу экен да…

– Ой, дегеле ал жөнүндө эмес, кымбаттуум…

– Анда эмне жөнүндө анан? – Хужа-Али колдорун эки жакка жайып, таң калды. – Дагы эмне кылып таштадым экен, эсимде жок.

– Макалада мындай деп жазыптыр, – деп акыры түшүндүрө баштады репортер: – Сен, кымбаттуу Хужа-Али, өткөн жумада үч карышкырды атып салыпсың да, колхоздун койлорун кыргындан сактапсың…

– Ооба, ооба, бул болгон, бирок анын эмне жаманы бар? Терилерин өткөрдүм да, тийиштүү шыбагамды алдым, бир тыйын ашыгы жок... – деп кабагын салып, кобурады Хужа-Али.

– Демек, баары жайында, – деди репортер, макалада карышкырлар жөнүндө эч кандай сөз болбосо да".

Шекспир, космос

Ошол эле тоолуктар чогулчу гудеканда арасат абалда калган бирөөнү талкуулап жатышты. Отургандардын бири "мындайды менин досум бар же жок деп коёт" десе бирөө бул Шекспирдин сөзү дейт. Тиги Шекспир эң жакын досум дейт. Улуу драматург төрт жүз жыл ашканын айтышса тигинин мурдун балта кеспей «Капырай, мезгилдин тез өткөнүн карачы!» – деп башын чайкайт.

Кеп соңунда космос жана чоң эне.

"– Чоң эне, космоско киши учту!

– Кандай киши экен ал? – таң калды чоң эне.

– Биздин советтик киши. Аты – Юрий. Алланын жоктугуна эми ишендиңби, ыя? – деп мойнунда кызыл галстугу бар небереси кубанычтуу кыйкырды.

– Чын элеби... Анда, неберем, сен кубанбай коё тур, ал кишиң али асманда да...– деди да, чоң эне маржан таш теспесин алып, бир нерсени шашыла күбүрөй баштады.

Тарыхта биринчи жолу космоско учкан киши жерге кайтып келди.

– Көрдүңбү, чоң эне, Алла деген жок бекен?

– Биле албайм, уулум, мүмкүн жоктур. Бирок мен жок деп айта албайм.

– Эмне үчүн? – деп таң калды небереси. – Ошон үчүн, неберем... Мен биздин Юрий жерге кайтып келсин деп Кудайга жалынып жатпадымбы".

Ахмедхан Абу-Бакардын кызыктуу аңгемелерин кыргызчага Мырзаян Төлөмүшев которгон.