ИИМ: өзүн “ханзаада” деп атап, бутун өспүрүмгө өптүргөн жаран кармалды

ИИМдин имараты.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) өспүрүмдөн ага “ханзаада” деп кайрылууну талап кылган, бутун өптүргөн жаран кармалганын билдирди. Бул фактыга байланыштуу Сокулук райондук ички иштер бөлүмү “уруп-сабоо” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тергеп жатканын кабарлады.

“Сокулук райондук милициясы бул окуяга шектүүнүн тек-жайын аныктады. 2005-жылы туулган Ч.И. аттуу ал жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөөнүн жүрүшүндө анын ушул сыяктуу дагы башка окуяларга тиешеси бар экени аныкталып, учурда кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинен (“бейбаштык), 138-беренесине (Уруп-сабоо кыйноо) которулду. Бардык керектүү соттук-укуктук экспертиза дайындалып, тергөө уланууда”, - деп жазылган маалыматта.

ИИМ жарандарга кайрылып ушундай окуялар тууралуу коомчулукка жарыялоодон мурда дароо милиция кайрылууга чакырды.

Мунун алдында социалдык тармактарда өзүнө “ханзаада” деп кайрылууну талап кылып, бутун өспүрүмгө бир нече жолу өптүрүп жатканы, ал өспүрүмдүн бутун маки менен жарадар кылганын айткан бейтааныш жарандын видеосу тараган.

Дагы караңыз

Орусияда коргоо министринин мурдагы орун басары Дмитрий Булгаков кармалды Польшада өспүрүмдөргө кол салууга шектелген өзбекстандык күнөөсүз деп табылды Жапаров чет өлкөлөрдөгү элчиликтер үчүн имараттар алынып жатканын билдирди