Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:23

Орусияда коргоо министринин мурдагы орун басары Дмитрий Булгаков кармалды


Орусиянын коргоо министринин мурдагы орун басары Дмитрий Булгаков.
Орусиянын коргоо министринин мурдагы орун басары Дмитрий Булгаков.

Орусияда коргоо министринин мурдагы орун басары, генерал Дмитрий Булгаков кармалды. Бул тууралуу Тергөө комитети кабарлады. Маалыматка караганда, буга коррупция боюнча козголгон иш түрткү болду. ТАСС генерал Москвадагы "Бутырка" убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин жазды.

Коргоо министрлигинде Булгаков материалдык-техникалык камсыздоо үчүн жооптуу болгон. Ал министрдин орун басары кызматын 2008-жылдан 2022-жылга чейин аркалаган. 2016-жылы ага Орусиянын Баатыры наамы ыйгарылган.

Буга чейин ири көлөмдөгү пара алууга шек саналып коргоо министринин мурдагы орун басары Тимур Иванов жана министрликтин кадрларды башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси, генерал-лейтенант Юрий Кузнецов камалган.

Ал эми май айында Башкы штабдын жетекчисинин орун басары Вадим Шамарин колго түшкөн. Ал да ири көлөмдөгү пара алууга шек саналып жатат.

17-майда генерал-майор Иван Попов кармалган. Тергөөнүн версиясына караганда, ал Запорожье багытында тосмолорду курууга бөлүнгөн 1700 тонна металлды кымырып алууга шектелүүдө. Июль айынын ортосунда ал үй камагына чыгарылган.

XS
SM
MD
LG