Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:50

Польшада өспүрүмдөргө кол салууга шектелген өзбекстандык күнөөсүз деп табылды


Польшада кармалган мигрант Машхурбек Козимжанов жана Өзбекстандын Варшавадагы элчилигинин кызматкери. 24-июль, 2024-жыл.
Польшада кармалган мигрант Машхурбек Козимжанов жана Өзбекстандын Варшавадагы элчилигинин кызматкери. 24-июль, 2024-жыл.

Польшада эки украиналык өспүрүмгө бычак менен кол салууга шектелип камалган өзбекстандык бошотулду. Бул тууралуу Өзбекстандын Польшадагы элчилиги билдирди. Маалыматка караганда, тескерисинче, 26 жаштагы Машхурбек Козимжанов Варшавадагы парктардын биринде болгон окуяда жабырлануучу катары полицияга арыз жазды.

Буга чейин польшалык Wyborcza басылмасы өзбекстандык жигит паркта украиналык өспүрүмдөргө кол салганын жазган. Ал эми Өзбекстандын Варшавадагы элчилиги тараткан видеодо Козимжанов ага бир нече өспүрүм кол салганын, өзүн коргоо максатында алардын бирине олуттуу жараат келтирип алганын айтат.

Кийин элчиликтин кийлигишүүсү менен ал камактан чыгарылды. Дипломатиялык мекеме мындан аркы тергөө иштери элчиликтин жана Польшадагы өзбекстандык активисттердин көзөмөлүндө болорун билдирди.

Польшада миңдеген борбор азиялыктар, анын ичинен өзбекстандыктар эмгектенет.

XS
SM
MD
LG