Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:25

Жапаров чет өлкөлөрдөгү элчиликтер үчүн имараттар алынып жатканын билдирди


Президент Садыр Жапаров Франциядагы элчи Садык Шер-Нияз менен элчиликтин имаратында. 26-июль, 2024-жыл.
Президент Садыр Жапаров Франциядагы элчи Садык Шер-Нияз менен элчиликтин имаратында. 26-июль, 2024-жыл.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтери үчүн мамлекеттин менчигине имараттар сатып алынып жатканын билдирди. Бул тууралуу 26-июлда Франциянын борбору Париж шаарындагы элчиликтин жаңы имаратына барган учурда белгиледи.

Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз элчилик мурда ижарага алынган 53 чарчы метр жерде иштеп келгенин, мамлекеттик менчиктеги жаңы имараттын аянты 320 метр экенин айтып берди.

Жапаров чет өлкөлөрдөгү мекемелердин кызматкерлери үчүн керектүү шарттарды түзүү жана аларды турак жай менен камсыз кылуунун маанилүүлүгүн айтты.

“Садыр Жапаров өлкөнүн эгемендик жылдарында чет өлкөдөгү мүлктү ижарага алууда кеткен суммага өз имараттарын сатып алса болорун белгиледи. Бул контекстте президент анын тапшырмасына ылайык Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Венгриядан имарат сатып алынганын, Швейцария, Австриядан жана Новосибирск шаарынан (Орусия Федерациясы) кыймылсыз мүлк сатып алуу иштери жүрүп жатканын билдирди. Нью-Йоркто (АКШ) жана Берлин шаарында (ГФР) дипломатиялык миссиялардын кызматкерлери үчүн кызматтык батирлер сатып алынат”, - деп жазылган президенттин администрациясы тараткан билдирүүдө.

Садыр Жапаров иш сапары менен 25-июлда Парижге барган. Ал бүгүн, 26-июлда "Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк - жакшы келечек үчүн бирге" аталышындагы саммитке катышты.

Ушул эле күнү президент Парижде 33-Жайкы Олимпиада оюндарынын ачылышына катышат.

XS
SM
MD
LG