Кыргызстандын волейболчу кыздары CAVA чемпионатында жеңишке жетти

Кыргызстандын Волейбол федерациясынын Фейбсуктагы баракчасынан алынган сүрөт.

Кыргызстандын волейболчу кыздарынын жаштар курама командасы (U-20) Азиянын зоналык чемпионатында(CAVA) биринчи орунду ээледи.

Мале шаарында өткөн эл аралык таймаштын биринчи айлампасында кыргызстандыктар Мальдивдин командасын, экинчи айлампада непалдыктарды, үчүнчү айлампада Шри-Ланканы жеңгенин Волейбол федерациясы билдирди.

Азиянын зоналык чемпионаты Мальдивдин Мале шаарында 18-23-июлда өттү.

18-25-июнь күндөрү Чолпон-Ата шаарында CAVA Улуттар лигасы уюштурулуп, Кыргызстандын улуттук курама командасы экинчи орунду алган.

CAVA улуттар лигасына Борбор Азиядагы жана чыгыш Азиядагы 14 өлкө мүчө. (SE)

Дагы караңыз

Ош шаардык соту мурдагы төрт жетекчи кармалганын ырастады Бишкекте италиялык сүрөтчүнүн зомбулукка каршы көргөзмөсү өтүүдөЕККУ Чүйдөгү ракеталык уулуу отунду жок кылууга жардам берүүдө