Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:58

Ош шаардык соту мурдагы төрт жетекчи кармалганын ырастады


Ош шаардык соту.
Ош шаардык соту.

Ош облустук сотунун басма сөз кызматы Ош шаарындагы муниципалдык жана аймактык кызматтарынын мурдагы төрт жетекчиси кармалып, алар эки айга камакка алынганын ырастады. Алардын бөгөт чарасы 20-июлда Ош шаардык сотунда каралган.

Отурумда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош шаары жана облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү кармалгандарды (А.Ж.М, Т.А.А., С.И.Б. жана С.А.Э) камакка алууну өтүнүп, сот аны канааттандырган.

Кармалгандардын баарына Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) 3-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголгон.

Облустук сот кармалгандардын аты-жөнүн, кызматын так айткан жок, инициалдарын гана берди. Атайын кызмат да бул боюнча расмий маалымат бере элек.

Жарыяланган инициалдар: А.Ж.М- Ош шаарынын экс-вице-мэри Жасур Азимовдун, С.И.Б - Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Ильяс Сансызбаевдин, Т.А.А- Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош аймактык башкармалыгынын мурдагы башчысы Алтынбек Токошевдин жана С.А.Э - Муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Ашим Семетеевдин аты-жөнүнө туура келет.

22-июлда Ош шаарынын прокуратурасы Ак-Буура дарыясында курулушка уруксат берүүчү архитектуралык документтери жок он көпүрө жана соода түйүндөр аныкталганын билдирген. Алар Кара-Суу жана Базар көчөлөрүнө салынган.

Көзөмөл органы Ош шаарынын архитектуралык-курулушту контролдоо боюнча шаардык башкармалыгы, Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы, Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы, Ош бассейндик суу чарба башкармалыгынын жана Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, милдеттерин так аткарбаганын билдирген.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканы кабарланган.

14-июлда катуу жаандан кийин Ак-Буура дарыясы кирген. Кыян жүрүп, Оштогу борбордук базарды, чет жакадагы айылдарды сел каптаган.

Беш киши каза болуп, бир нече машинени сел агызып, үйлөр, көпүрөлөр, жолдор жарактан чыккан. Соодагерлер чоң чыгымга учураган. Ошто жана Кара-Суу районунда жүздөгөн турак жайлар зыян тартты.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ак-Буура суусунун боюна салынган мыйзамсыз курулуштар, көпүрөлөр, эс алуучу жайлар тазалана турганын айткан. Ал мыйзамсыз курулушка уруксат берген кызматкерлер жоопко тартыларын эскерткен.(DSh)

XS
SM
MD
LG