Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:51

Бишкекте италиялык сүрөтчүнүн зомбулукка каршы көргөзмөсү өтүүдө


Көргөзмөгө коюлган сүрөттөрдүн бири.
Көргөзмөгө коюлган сүрөттөрдүн бири.

Бишкекте италиялык сүрөтчү Луиза Пильоненин “Жашыруун күндөлүк – күзгү артында жашоо” деген көргөзмөсү ачылды. Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейине анын 40 эмгеги коюлду.

Автор көргөзмө зомбулукка кабылган айымдардын оор кырдаалдан чыгуусуна дем берүү, алардын жеке өнүгүүсүн артыруу максатында уюштурулганын билдирди.

Италиялык сүрөтчүну Кыргызстанга психолог Мээрим Мураталиева жана журналист Гүлзада Шаршеналиева чакырган. Маалыматта Пильоне өзү дагы үй-бүлөлүк зомбулукту башынан кечиргендиктен эмгектерин эркиндик, аялдардын өз укугу үчүн күрөшүнө арнаганы белгиленген.

Көргөзмөнүн ачылышына катышкан омбудсмен Жамила Жаманбаева мамлекеттик органдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чегип жаткан аялдардын көйгөйүнө көңүл бурууга чакырды.

Уюштуруучулар Луиза Пильоненин көргөзмөгө коюлган эмгектеринин оригиналы Италияда 5 миң евродон жогору бааланарын маалымдашты. Автордун уруксаты менен Бишкекте бир топ эмгектердин көчүрмөсү да коюлганын, алар 6 миң сомдон сатыларын билдиришти. Түшкөн каражат өлкөдө зомбулуктан жапа чеккен аялдарга берилет.

“Жашыруун күндөлүк – күзгү артында жашоо” деп аталган көргөзмө 2-августка чейин уланат.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда быйыл беш айда үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 6200дөй учур катталган. Бул өткөн жылдын ушул убактысына карата миңден ашуун учурга же 20% көп. (MZh/SE)

XS
SM
MD
LG