Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:56

ЕККУ Чүйдөгү ракеталык уулуу отунду жок кылууга жардам берүүдө


24-июлдагы иш-чарада тартылган сүрөт.
24-июлдагы иш-чарада тартылган сүрөт.

Чүй облусунун Новопавловка айылында Совет мезгилинен калган акыркы ракеталык уулуу отун жок кылынат.

Коргоо министрлигинин аскердик бөлүгүнүн кампасында сакталып турган ракеталык отун 55 тоннаны түзөт. 24-июлдагы иш-чарада маалым болгондой, ал августта учак менен Германияга жеткирилип, зыянсыз технологиялар менен утилдештирилет. Бул Совет мезгилинен калган ракеталык отундун "Самин" деп аталган зыяндуу компоненти болуп эсептелет.

Утилдештирүүнү Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) Германия, Швейцария жана АКШнын элчиликтери менен биргеликте ишке ашырат.

Уулуу ракеталык отунду утилдештирүү атайын техникалык мүмкүнчүлүктөрдү жана финансылык ресурсту талап кылат. Мындан улам кыргыз өкмөтү 2019-жылы ЕККУга кайрылып, колдоо сураган. Уюм Германия менен АКШнын каржылоосунун алкагында зыяндуу отун сакталган жайларды, отундун компоненттерин утилдештирүү ыкмаларын жана долбоорду аткаруунун техникалык жана финансылык керектөөсүн баалап чыккан.

Кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында Коргоо министрлиги менен ЕККУнун ортосундагы ракеталык отундун зыяндуу компонентин утилдештирүү келишимин жактырган.

ЕККУ берген маалыматтарга ылайык, 2021-жылы 155 тонна мөөнөтү өтүп кеткен ракеталык отундун "Меланж" деп аталган зыяндуу компоненти Кыргызстандан чыгарылып, утилдештирилген. Ал иш чара дагы ЕККУнун каржылоосу менен жүзөгө ашырылган.

Расмий маалыматтарга ылайык, ракеталык отундун "Самин" компоненти буга чейин Коргоо министрлигинин Новопавловка айылындагы №97632 аскердик бөлүгүндө жарым-жартылай көмүлгөн үч цистернада сакталып келген. СССР мезгилинде өндүрүлгөн бул отун мөөнөтү эскирип кеткендиктен, заманбап стандарттарга төп келбейт. Аны "эскилиги жеткен жана калктуу конушка жакын жайгашкан резервуарларда сактоо айлана чөйрөгө жана коопсуздукка олуттуу коркунуч жаратат" деген эксперттик корутунду бар. (KBa)

XS
SM
MD
LG