Арстанбапта сел 23 машинаны агызып, оорукананы каптады

ӨКМ тараткан сүрөт.

Арстанбапта 23-июлда катуу сел жүрүп, 23 машинаны агызып кеткенин, үйлөрдү, имараттарды, көпүрөлөрдү суу каптаганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, саат 20:50гө карата Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагында суу бир оорукананы жана соода үйүн, беш көпүрөнү, бир чакырым ички чарбалык жолду каптады.

Мындан тышкары кыян 23 жеңил унааны агызып кеткени белгилүү болду.

"Жерине Арстанбап айыл аймагынан 4 экскаватор, 2 жүктөгүч, 1 самосвал, Жалал-Абад шаардык №20 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 32 куткаруучу, 2 мотопомпа, Сузак райондук ӨК бөлүмүнөн 9 куткаруучу 2 мотопомпа, Ноокен райондук ӨК бөлүмүнөн 6 куткаруучу 2 мотопомпа, Базар-Коргон райондук ӨК бөлүмүнөн 22 куткаруучу, 1 мотопомпа жалпы 77 куткаруучу, 7 мотопомпа тартылды. Кошумча маалымат берилет", - деп билдирди ӨКМ.

Социалдык түйүндөргө тараган видеолордон сел суусу кээ бир автомашиналарды агызып баратканын көрүүгө болот. (TB)

Дагы караңыз

Кара-Суу районунун акими Абыкеевдин бөгөт чарасы каралууда Мамдума полицияга мигранттарды депортациялоого уруксат берди ЕБ Армения менен визасыз режим тууралуу сүйлөшүү баштоого макул болду Жалал-Абаддын бир нече аймагында сел боюнча эскертүү жарыяланды