Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:02

Жалал-Абаддын бир нече аймагында сел боюнча эскертүү жарыяланды


Жалал-Абад. 2024-жылдын 23-июлу.
Жалал-Абад. 2024-жылдын 23-июлу.

23-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгына, Жалал-Абад шаардык жана Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн өздүк курамына кооптуу абалга байланыштуу эскертүү жарыяланды. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Баштапкы маалымат боюнча, Базар-Коргондун Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн Арстанбап айылында саат 18:30 чамасында нөшөр жамгырдын кесепетинен кокту-колоттон келген сел суусу ички жолду каптаган.

"Жол каттам ачык. Жерине саат 18:55те Базар-Коргон райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылган. Мындан сырткары Арстанбап айылында көзөмөл жүргүзүүгө ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын жетекчиси, полковник Абдулнасир Закиров жөнөп кетти", - деп билдирди мекеме.

Социалдык түйүндөргө тараган видеолордон сел суусу кээ бир автомашиналарды агызып баратканын көрүүгө болот. (TB)

XS
SM
MD
LG