Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:06

Кара-Суу районунун акими Абыкеевдин бөгөт чарасы каралууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык сотунда ушу тапта (23-июль, саат 20:30) Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеевдин бөгөт чарасы каралууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» кабарчысы жеринен маалымдады. Абыкеевди сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Ош шаардык башкармалыгынын кызматкерлери алып барышты.

Абыкеев кармалганы тууралуу маалымат буга чейин социалдык түйүндөргө тараган. Бирок эч кандай расмий маалымат бериле элек.

«Азаттык» бул боюнча так маалымат алуу үчүн анын өзүнө кайрылып, жооп ала алган жок.

19-июлда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунда элге деп бөлүнгөн 138 гектар жер боюнча маселе көтөрүп, жер тилкелери сатылып жатканын айткан.

39 жаштагы Абыкеев Кара-Сууга аким болуп 2023-жылдын декабрында дайындалган. Ага чейин Нарын облусунда айыл өкмөт башчысы, Ош облусунун Чоң-Алай районунда аким болуп иштеген. (DSh)

XS
SM
MD
LG