Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:00

Мамдума полицияга мигранттарды депортациялоого уруксат берди


Орусиядагы полиция өкүлдөрү мигранттарды текшерип жатышат.
Орусиядагы полиция өкүлдөрү мигранттарды текшерип жатышат.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы 23-июлдагы пленардык жыйында миграциялык көзөмөлдү күчөткөн мыйзамдардын топтомун кабыл алды. Ага алайык, полицияга чет элдиктепрди депортациялоого уруксат берилди. Визасыз жүрүү режими 180 күндөн 90 күнгө кыскартылды.

Буга чейин мигранттарды депортациялоо чечимин бир гана соттор же Чек ара кызматы кабыл ала алчу.

Андан тышкары визасынын же жашоого уруксат берүүчү кагаздын мөөнөтү өтүп кеткен жарандарды "өлкөдөн чыгаруу режими" киргизилди.

"Өлкөдөн чыгаруу режиминдеги" чет өлкөлүктөргө банк эсептерин ачууга, автоунаа айдоого, никесин каттатууга, башка аймакка көчүүгө тыюу салынат. Алар жашаган жерге полиция ордерсиз бара алат. Алардын артынан соттун уруксаты жок техникалык каражаттар менен аңдып жүрүүгө уруксат берилет.

Ошондой эле мигранттарды полицияга баш ийбей койсо, жалган айтса, майда бейбаштыкка барса, экстремисттик же нацисттик эн белгилерди пропагандаласа, депортациялоого уруксат берилет.

Бул мыйзамдардын топтому Мамлекеттик Думага "Крокус Сити Холлго" жасалган кол салуудан кийин киргизилген. Анда 145 кишинин өмүрү кыйылып, 500дөн ашууну жараат алган.

Кылмышка шектүү катары Борбор Азиянын бир нече жараны кармалган. Дал ошол окуядан кийин Орусияда мигранттарга каршы риторика күчөдү. Борбор Азиянын бир катар мамлекеттери өз жарандарына Орусияга барбай турууну эскертишкен.

XS
SM
MD
LG