Германияда Путин жөнүндө китеп жазган автор журналисттик бирикмеден чыгарылды

Владимир Путин жана Хуберт Зайпел.

Германияда Орусиянын президенти Владимир Путинди мактап китеп жазганы үчүн Москвадан акча алганы аныкталган автор Иликтөөчү журналисттер ассоциациясынын Netzwerk Recherche (NR) катарынан чыгарылды.

"Хуберт Зайпел өзүнүн жоругу менен эркин журналистиканын негизги эрежелерин бузуп, биздин кесиптин кадыр-баркына өтө чоң залака тийгизди", – деп билдирди ZDF телеканалына ассоциациянын төрагасы Даниэл Дреппер.

Иликтөөчү журналисттер ассоциациясы ZDF телеканалы менен чогуу 2023-жылы ноябрда биргелешкен иликтөө жүргүзгөнү, анын жыйынтыгында Зайпел Путинден интервью алып, ал жөнүндө эки китеп жазып, Кремль менен байланышы бар олигарх Алексей Мордашовдон 600 000 евро (646 000 АКШ доллары) алганы аныкталганы маалымдалды.

Зайпел Кремлдин кызыкчылыгы үчүн иштегени аныкталгандан кийин анын китептери сатыктан алынып, тасмалары немис телеканалдарынын архивинен өчүрүлгөн.

Netzwerk Recherche бирикмесине Германиянын белгилүү журналисттери мүчө. Зайпель анда бир нече жыл мүчө болгон, ассоциациянын иш-чараларында сөз сүйлөп, форумдарында алып баруучулук кылган. (RK)

Дагы караңыз

Украина Орусия жоготуусуна карабай чабуулун улантып жатканын билдирди80 жыл илгери: граф Клаус фон Штауффенберг жана Гитлерге каршы кутумЗеленский Украина Байдендин чечимин урматтай турганын айттыАдминистративдик-аймактык реформада 4 миңдей кызматкер кыскартылды