Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:22

Административдик-аймактык реформада 4 миңдей кызматкер кыскартылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин жетекчиси Кудайберген Базарбаев 22-июлда өлкөдөгү административдик-аймактык реформа жөнүндө маалымат жыйын берди.

Базарбаев аймактык реформа максатына жеткенин айтып, 7 облустагы 452 айыл аймактын 217си кыскарып, 235 болуп калганын билдирди. Муниципалдык кызматкерлердин саны 8696дан, 4768ге (45,1%) кыскарды. Мамлекеттен 1 млрд сом каражат үнөмдөлдү.

Базарбаев кыскартылган айрым кызматкерлерге башка жумуштар сунушталып, кээ бирине акчалай кенемте төлөнүп берилгенин кошумчалады.

19-июлда президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө” мыйзамына кол койгон.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылы 30-декабрда “Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, өлкөнүн дээрлик бардык райондорунда айыл аймактарынын көпчүлүгү ирилештирүү башталган.

Ирилешип жаткан айыл аймактарда жана шаарларга кошулуп жаткан айылдарда жайыт, үлүш жана башка жерлерине байланыштуу нааразылыктар болгон.

Административдик-аймактык реформа пилоттук түрдө 2022-жылы Ысык-Көлдүн бир, Нарын облусунун беш районунда жүргүзүлгөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG