Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:26

Украина Орусия жоготуусуна карабай чабуулун улантып жатканын билдирди


Украина.
Украина.

Украина Херсон облусунда соңку суткада Орусиянын чабуулдарынан тогуз киши жабыркаганын, дагы бир киши – 71 жаштагы аял бүгүн 22-июлдун таңындагы соккудан жараат алганын билдирди.

Облустук аскердик администрациянын дүйшөмбүдөгү маалыматына караганда, жыйырма чакты кыштакка жана Херсон шаарына абадан сокку урулду, үйлөр, социалдык инфраструктура мекемелери кыйрады.

22-июлга карата борбор калаа Киевдин ооруканаларында 8-июлдагы жапырт чабуулдан жараат алгандардын 16сы дарылануусун улантып жатканын, алардын экөө балдар экенин, бейтаптардын экөөнүн абалы оор деп мүнөздөлүп жатканын шаардын аскердик администрация башчысы Сергей Попко кабарлады. 8-июлда Украинанын Киев, Днепр, Кривой Рог жана Донбасс аймактары Орусиянын жапырт ракеталык соккусуна кабылган. Бул күнү кеминде 44 киши каза болгон, 196сы жараат алган.

Фронт тилкесинде кечээтен бери 117 жерде кагылышуу болгонун 22-июлда Украинанын Башкы штабы маалымдады. Мекеме билдиргендей, Орусия Украинанын аскерлери жайгашкан жерлерине жана калктуу пункттарына төрт жолу ракеталык, 72 жолу авиа чабуул койду, жанкечти дрондорунан 1542 жолу сокку урду, аскерлерди көздөй 4621 жолу аткылоо болду.

Фронтто кагылышуу көп катталган тилке Покровск багыты болуп жатканы маалымдалды.

Орусия Украинанын Донецк облусунун Покровск багытында жоготууларына карабастан чабуулдарын улантып жатканын украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский да 22-июлда билдирди.

"Душман өтө көп жоготуулардына карабастан Покровск багытында чабуулун улантууда. Красногоровка, Прогресс, Железное, Часов Яр райондорунда айыгышкан салгылашуу жүрүүдө. Оккупанттар Днепр дарыясынын сол жээгиндеги жайылма аралдарды басып алууга аракеттенүүдө. Бүткүл фронтто ар кандай интенсивдүү активдүү согуштук операциялар жүрүп жатат", — деп жазды ал Facebook баракчасына 22-июлда.

Орусия Украинада согуш эмес, "атайын аскердик операция" жүргүзүп жатканын айтып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG