Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:31

Зеленский Украина Байдендин чечимин урматтай турганын айтты


Владимир Зеленский жана Жо Байден.
Владимир Зеленский жана Жо Байден.

Украина АКШ президенти Жо Байдендин шайлоого катышпоо тууралуу чечимин урматтайт. Бул тууралуу 22-июлда украин президенти Владимир Зеленский билдирди жана Байдендин чечимин «оор болсо да күчтүү» деп атады.

"Украинанын эркиндик үчүн күрөшүн туруктуу колдоп бергени үчүн Украина президент Байденге ыраазы. АКШнын эки партиялык бекем жардамы менен катар мындай колдоо чечүүчү мааниге ээ болуп келген жана боло берет. Биз президент Байдендин лидерлигине ар дайым ыраазыбыз. Ал өлкө тарыхыбыздагы эң оор учурда колдоосун көрсөттү, Путинге биздин өлкөнү басып алышына жол бербөөгө жардам берди жана бизге бул согуштагы колдоосун улантты", - деди Зеленский.

Байден быйыл күзүндө өтө турган шайлоого катышпай турганын жана вице-президент Камала Харристин талапкерлигин колдорун 21-июлда Х (мурдагы Твиттер) социалдык тармагы аркылуу билдирди.

Байден менен республикачылардын талапкери Доналд Трамптын июндун аягында болгон дебатынан кийин президентти шайлоодо башка партиялашына мүмкүнчүлүк берүү чакырыктары күчөгөн.

Орусия Украинага кол салган 2022-жылдын 24-февралынан бери АКШ расмий Киевге колдоосун көрсөтүп келе жатат.

Байден Батыш Украинанын утулуп калышына жол бербеши керектигин, эгер Киев утулса, Орусия жана Беларус менен чектеш бардык өлкөлөрдө туруксуздук жараларын айтып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG