Грузияда жарандардын 69% Орусияны өз өлкөсүнүн душманы деп эсептейт. “Кавказ барометри – 2024” изилдөөсүнүн алкагында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы ушундай экенин жергиликтүү басылмалар жазды.
Мындай көрсөткүч жылдан жылга өсүүдө: 2021-жылдагы изилдөөдө 66%, 2019-жылы 49%, 2017-жылы 40%, 2012-жылы 35% түзгөн.
Сурамжылоого катышкандардын төрт пайызы АКШны Грузиянын башкы душманы деп эсептешет. Түркияны душман санагандардын саны эки пайыз.
Респонденттердин 24% АКШны Грузиянын эң жакын досу деп эсептейт. Дос мамлекеттердин ичинен экинчи орунду Азербайжан (8%), үчүнчү орунду Украина (7%) ээлеген. Алардан кийин Түркия, Германия жана Армения турат. Орусияны Грузиянын досу деп эсептегендер эки пайызды түзөт.
Сурамжылоого катышкандардын 26% Грузиянын достору таптакыр жок деп билишет.
Сурамжылоо бетме-бет маек түрүндө быйыл 16-апрелден 13-майына чейин өзүн Грузиядан көз карандысыз деп жарыялаган Абхазия менен Түштүк Осетиядан башка бардык аймактарда жүргүзүлгөн.
Сурамжылоого жалпысынан 1509 адам катышкан, алардын арасында армяндар жыш жашаган Самцхе-Жавахети жана азербайжандар жыш жашаган Квемо-Картли да бар. Суроолор грузин, армян жана азербайжан тилдеринде берилген. (SE)
Дагы караңыз
Ош: Базарды көчүрүүгө каршы соодагерлер үч күндөн бери чогулуудаОштогу жаңы салынуучу базардын орду өзгөртүлдүОрусиянын Туапсе мунай заводунда дрон чабуулунан кийин өрт чыкты