Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:48

Орусиянын Туапсе мунай заводунда дрон чабуулунан кийин өрт чыкты


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Орусиянын Коргоо министрлиги 22-июлда Украинанын 47 учкучсуз учагы беш аймакта жана Кара деңиз менен Азов деңизинин жээктеринде атып түшүрүлгөнүн билдирди. "РИА Новости" агенттиги жана аймактык расмий өкүлдөр Краснодар чөлкөмүндөгү Туапсе мунай иштетүүчү заводуна зыян келтирилгенин кабарлаган.

Министрлик учкучсуз учактардын көбү Ростов, Белгород, Воронеж, Смоленск жана Краснодар облустарынын үстүнөн түшүрүлгөнүн, 17си деңиз үстүндө жок кылынганын маалымдады. Краснодар облустук администрациясы Орусиянын мунай гиганты “Роснефтке” таандык Туапсе мунай иштетүүчү заводу дрондун калдыктарынан өрт чыкканын билдирди.

Акыркы суткада украин тарап да орусиялык аскерлердин чабуулуна кабылганын маалымдады.

Жекшемби күнү орусиялык аскерлер Украинанын Сумы облусундагы 12 районду 44 жолу аткылаган. Андан бир киши өлүп, 128 жарылуу болгон. Бул тууралуу аймактагы аскердик администрация маалымдаганын Би-би-си жазды. Ошондой эле орус аскерлеринин чабуулунан Херсондун 65 жаштагы тургуну жаракат алган.

Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Орусия Украинага каршы 2022-жылдын февралында ачкан согушун "атайын аскердик операция" деп атаган жана анын аскердик объектилерин гана бутага алып жатканын айтып келет.

XS
SM
MD
LG