Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:34

Оштогу жаңы салынуучу базардын орду өзгөртүлдү


Оштогу борбордук базар cелден кийин.
Оштогу борбордук базар cелден кийин.

Ош шаарында жаңы салынуучу муниципалдык базар Осмонов көчөсүндөгү “Мегаполис” соода борборунун маңдайындагы жерге курулат. Мэриянын кабарлашынча, базар эки ай аралыгында бүтөт. Ага чейин азыркы базар иштеп турат.

22-июлда Ош мэри Бакыт Жетигенов баштаган жетекчилер базардын көчүрүлүшүнө нааразы болгон соодагерлер менен жолукту. Анда соодагерлер убактылуу иштеп жаткан көпүрөлөрду калтырып туруу жана базарды көчүрү убактысын узартуу талабын айтышты.

Ош мэри көпүрөлөрдүн баары алынарын, соодагерлер жаңы базарга 1-2 айдын ичинде көчүшү керек экенин түшүндүрдү. Соодагерлер жаңы базар салынуучу жер ыңгайсыз экенин айтып, каршы болушкан. Буга чейин Ош мэриясы борбордук базар Жапалак айылындагы Көкүмбий көчөсүнө көчүрүлө турганын билдирген.

Ош шаарында сел каптаган борбордук базарды башка жакка көчүрүүнүн мөөнөтүн узартып берүүнү бийликтен суранып соодагерлер үч күндөн бери чогулуп жатышат.

14-июлда катуу жаандан кийин Ак-Буура дарыясы кирген. Кыян жүрүп, Оштогу борбордук базарды, чет жакадагы айылдарды сел каптаган. Беш киши каза болуп, бир нече машинени сел агызып, үйлөр, көпүрө, жолдор жарактан чыккан. Соодагерлер чоң чыгымга учураган. Ошто жана Кара-Суу районунда жүздөгөн турак жайлар зыян тартты. (TSh)

XS
SM
MD
LG