Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:02

Ош: Базарды көчүрүүгө каршы соодагерлер үч күндөн бери чогулууда


Ошто соодагерлер нааразылыкка чыкты. 21-июль, 2024-жыл
Ошто соодагерлер нааразылыкка чыкты. 21-июль, 2024-жыл

Ош шаарында сел каптаган борбордук базарды башка жакка көчүрүүгө каршы соодагерлер үч күндөн бери чогулуп жатышат. Кечээ 100дөй ишкер нааразылык акциясына да чыгышкан.

Бүгүн, 22-июлда да Ош мэри Бакыт Жетигенов баштаган жетекчилер базардын көчүрүлүшүнө нааразы болгон соодагерлер менен жолугуп жатат. Анда соодагерлер убактылуу иштеп жаткан көпүрөлөрдү калтырып туруу жана базарды көчүрүү убактысын узартуу талабын айтышууда.

Ош мэри көпүрөлөрдүн баары алынарын, соодагерлер жаңы базарга 1-2 айдын ичинде көчүшү керек экенин түшүндүрүүдө.

“Бир ай болобу, бир жарым ай болобу, шарт түзүп беребиз, анан баарыбыз жакшынакай көчөбүз. Ак-Бууранын жээги баары тазаланат. Башынан аягына чейин оңдолот”, - деди мэр.

Соодагерлер жаңы базар салынуучу жер ыңгайсыз экенин айтып, каршы болушууда. Мэрия имаратынын сыртында дагы жүздөгөн соодагерлер чогулуп турат.

Ош шаарында сел каптаган борбордук базарды башка жакка көчүрүүнүн мөөнөтүн узартып берүүнү бийликтен суранып соодагерлер үч күндөн бери чогулуп жатышат.

Ал тапта Ош шаарында жаңы салынуучу муниципалдык базар Осмонов көчөсүндөгү “Мегаполис” соода борборунун маңдайындагы жерге курулат. Мэриянын кабарлашынча, базар эки ай аралыгында бүтөт. Ага чейин азыркы базар иштеп турат.

Соодагерлердин акциясы

21-июлда 100дөй ишкер нааразылык акциясына чыгып, сел каптаган борбордук базарды башка жакка көчүрүүнүн мөөнөтүн узартып берүүнү бийликтен суранышты. Алар базарды жылдырууга каршы эмес экенин айтышып, сезон учурунда бир-эки ай ошол жерде иштеп турууга мүмкүнчүлүк берүүнү өтүнүштү.

Акцияга чыккандар “Элдин үнүн уккула!”, “Президент Жапаров, элдин үнүн угуңуз!” деген плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Соодагерлер алгач борбордук базарга чогулуп, андан кийин Ош мэриясынын имаратына барышты. Алар 20-июлда дагы көчөгө чыгышкан. Базарды жылдырууга каршы эместигин, сезон учурунда бир-эки ай ошол жерде иштеп турууга мүмкүнчүлүк берүүнү өтүнүштү. Соодагерлердин бири Мээрим Тойчубекова:

“Камчыбек Ташиев келди, базар жабылсын жылдырылсын деп мэрге тапшырма берди. Бирок бардык шарты менен базар курасыңар деген. Эми бүгүн базарга кирген жолдорду, көпүрөлөрдү жаап салып жатат. Эки айда жыйым-терим кылып алат элек. Азыр эми бизди базарга киргизбей жатат. Жаңы базар курула турган жерин да көрүп келдик, ээн талаа экен. Эки ай убакыт болсо, ага чейин мэрия да жаңы базарын түптөп алса, анан жылдырып кетсе болот эле да”, - деди.

“Базарга азыр кирсеңиз эч ким жок. Жарыкты өчрүп салышкан. Ал жакка кирип барчу жолдор да жабык турат да. Биз эптеп өзүбуз кирип алган менен эч кандай аларман жок. Бизди ушул жагынан кысып жатат”, - деди соодагер Айжаркын Жороева.

14-июлда катуу жаандан кийин Ак-Буура дарыясы кирген. Кыян жүрүп, Оштогу борбордук базарды, чет жакадагы айылдарды сел каптаган.

Беш киши каза болуп, бир нече машинени сел агызып, үйлөр, көпүрө, жолдор жарактан чыккан. Соодагерлер чоң чыгымга учураган. Ошто жана Кара-Суу районунда жүздөгөн турак жайлар зыян тартты.

Ушундан кийин Ош мэриясы борбордук базар Жапалак айылындагы Көкүмбий көчөсүнө көчүрүлө турганын билдирген. 19-июнда шаар башчысы Бакытбек Жетигенов базар көчүрүлө турган жер тилкесин көрүп чыккан. Маалыматта айтылгандай, базар Ош автоунаа базарынын жанындагы 16,7 гектар жер тилкесине жайгашат. Тиешелүү кызматтарга базарды көчүрүү боюнча даярдык иштерин баштоо тапшырмасы берилген.

Мунун алдында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев ушул аптада Ош шаарында селден жабыркагандарга жолугуп, борбордук базар башка жерге көчүрүлө турганын билдирген.

“Ош шаарын иретке келтиребиз. Мына Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги базарды башка жакка жылдырабыз. Ош шаарынын мэри турат. Эки айда сентябрь айынын этегинде бүтөсүз. Биз мындай кылбасак болбойт. Кайра дагы суу келиши мүмкүн даЮ мына дарыянын жээгинде турат. Эч ким эч нерсе айта албайт. Бул жерде 50 метр аралык дагы сакталышы керек. Бул жер болгону жол болгон. Ошол жолдун үстүнө эле базар курулуп калган. Эми мындай болбойт”,- деди Ташиев.

Оштун вице-мэри Замир Юсупов "Азаттыкка" билдиргендей, соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Келечекте дагы сел же башка кырсыктарды болтурбоо үчүн көпүрөлөр алынып, базар жылдырылат.

Азыр жабыркагандар компенсация жана камсыздандыруу маселеси чечилеби деп суроо салып жатышат.

"Бир туугандарым бар. Мамлекет дагы жардам берет деген үмүттөмүн. Сентябрга чейин башпаанек кылып алып, кышка камынышым керек да", - 14-июлдагы сел Кара-Суу районундагы Кыргыз-Чек айылынын тургуну Гүлбара Абдразакованын жети бөлмөлүү үйү, жайкы ашканасы жана мал сарайына кирип, жарактан чыгарган.

Ош: Селдин чыгымы эсептелүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:19 0:00

Бул үй-бүлө Орусияда миграцияда 30 жылдан ашык иштеп жүрүп тапкан мээнетин бир күндө сууга алдырып жиберди. Ал күнү Абдразакова баласы жана неберелери менен керектүү документтерди гана алып чыкканга араң үлгүргөн экен.

"Мына, үйүбүздү өзүбүздүн бешене терибиз менен салган үй эле. Абышкам экөөбүз тең мектепте мугалимбиз. Мугалимдин тапканын өзүңүздөр билесиздер, кичинеден топтоп салганбыз. Анан бул жакта дагы эки бөлмөлүү үйүбүз бар. Муну балдарым Орусияда иштеп жүрүп салган үй. Муну курганыбызга төрт эле жыл болду. Биздин үйүбүзгө эки жактан сел келип, үйдүн биринчи тарабынан кирип, экинчи жагынан чыгып кетти. Үй жараксыз абалга келди. Жертөлө сууга толду. Буюмдарыбыздан эч нерсе калган жок. Азыр тамак кылып жегенге да жерибиз калган жок".

Абдразакова бир короодо үч бүлө жашаган турак жайын мамлекеттик камсыздандыруудан өткөргөн экен. Тийиштүү кызматка барып үйү жашоого жараксыз болуп калганы тууралуу арызын жазып келген.

"Камсыздандыруу иштери качан башталган болсо, ошол жылдан бери үйлөрдү камсыздандырып келебиз. Биз айыл жеринде жашагандыктан жылына 650 сомдон чыгымын төлөп, дүмүрчөгүн алып жүргөнбүз. Эми суранып кетет элем, ушул үйүбүздү кайрадан тургузуп беришке жардам беришсе".

Мамлекеттик камсыздандыруу кызматы сел жүргөн аймактарда иш алып барып жатканын билдирди. Азырынча алардын жашоого жараксыз деген тизмесине 22 үй кирген. Турак жайын камсыздандыргандарга айыл жеринде 500 миң сом, шаарда 1 миллион сомго чейин жардам берилери айтылууда.

"Биринчи өздөрүнүн билдирүүсүн жазат. Анан камсыздандыруу полисин көрсөтөт. Ошонун негизинде үйдүн техникалык паспортун алып келишсе болду. Биз калган документтерин түзүп, өткөзүп Бишкекке жөнөтөбүз. Ал жактан карап, кайтарымсыз акча бөлүп беришет. Бул жерде мындай: айыл жеринде жылына 600 сомдон төлөшөт. 600 сомду биз 500 миң сомго кепилдик алабыз. бул жерде полго 10 пайыз, дубалга дубалга 15 пайыз, шыбактарга деп бөлүнөт. Канчалык кырсыкка учураган болсо, биз ошого жараша төлөп бере алабыз", - деди Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Ош филиалынын башчысынын жардамчысы Аскарбек Маматов.

Анын билдиришинче, ушул тапта облус боюнча 23 513 үй камсыздандырылган. Бул жалпы аймактагы турак жайлардын 10 пайызын түзөт. Жергиликтүү бийлик селден жабыр тарткан тургундарга ар тараптуу жардам берилип жатканын, чыгымдарды эсептөө үчүн түзүлгөн комиссия да иштеп жатканын билдирди. Чыгымдар азыр толук эсептелип бүтө элек.

"ӨКМ жардам берип жатат. Эл өзү дагы жардам берүүдө. Бүгүнкү күндө миңден ашуун мамлекеттик кызматкерлер иштеп жатат. Эл да жардам берген үчүн жумуш жакшы кетип жатат. Мамлекет тарабынан жардам берилгени - ошол жерде жумушчу топ түзүлүп иш журүп жатканы. техниканын иштеп атканы. Бүгүнкү күндө оперативдүү иштер жүрүп жатат. А материалдык чыгымды комиссия изилдеп чыккандан кийин, жогорку комиссияга берилет. Ал жактан ким кандай жабыр тарткан ошого жараша берилет. Калгандарын мамлекет дагы карап турбайт. Жардам берип жатат. Дагы жардам берет", - деген маалымат берди президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев.

Президент Садыр Жапаров 17-июлда селден жабыркагандарга мамлекет жардам көрсөтөрүн билдирди. Ал Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго комиссия түзүп, текшерүү тапшырмасы берилгенин айтты.

“Барып комиссия түзүп, жеринен көрүп текшерип чыккыла, жабыркагандарга мамлекет тараптан кандай жардамдарды беришибиз керек экен, сунуш киргизгиле” деп Акылбек Үсөнбековичти жибергем”. Эми эл-журт дагы турак жайларын камсыздандырып, каттап койгонду үйрөнүшү керек. Камсыздандырылган үй болсо селденби, жер титирөөдөнбү, өрттөн же табияттын башка кырсыгынан жабыркап калса, мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы тез арада толук ордуна тургузуп берет эле”.

XS
SM
MD
LG