Кыргызстан суу ресурстарын башкаруу боюнча Франциянын тажрыйбасын колдонот

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары Алмазбек Сокеев, Швейцария элчилигинин миссиясынын башчысынын орун басары Андрес Мюллер.

Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары, Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев Швейцария элчилигинин миссиясынын башчысынын орун басары Андрес Мюллер менен жолугуп, суу саясатын иштеп чыгууга байланыштуу биргелешкен демилгени талкуулады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, аталган долбоор суу ресурстарын натыйжалуу башкарууну камсыз кыла турган Франциянын тажрыйбасын колдонуу болуп саналат. Бул бассейндик деңгээлде суу ресурстарын башкаруу менен өлкөдө суу пайдаланууну жөнгө салууну өркүндөтүү болуп эсептелет. Тараптар эки тараптуу келишимге кол коюуну тездетүүнү макулдашты.

Кыргызстан соңку учурлардагы эл аралык жыйындарда, саммиттерде суу ресурстары жана аны натыйжалуу пайдалануу маселесин көтөрүп келет. Алсак, президент Жапаров 2023-жылдын сентябрында Дүйшөмбү шаарында өткөн Борбор Азия лидерлеринин саммитинде ушул маселеге кайрылып, аймактагы өлкөлөрдү суу-энергетика ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга чакырган. (КЕ)

Дагы караңыз

Олимпиада: Президент Жапаров курама командага мамлекеттик тууну тапшырдыОрус армиясы Украинага чабуулун улантты, Сумынын инфратүзүмү зыян тарттыПхеньян Түштүк Кореяга “таштанды шарлары” менен чабуул койдуТоктогулда суунун көлөмү 11,5 млрд метр кубдан ашты