Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:27

Пхеньян Түштүк Кореяга “таштанды шарлары” менен чабуул койду


Пхеньян Түштүк Кореяга таштанды салынган каптарды ташыган кезектеги учкучсуз аппараттарын учурду. Бул Түндүк Кореянын бир нече ай мурда колдоно баштаган жаңы тактикасы. Эл аралык басылмалардын жазганына караганда, ошондон бери миңдеген аппарат жана шар Түштүк Кореянын аймагына түшкөн. Алгач шарлар пропагандалык баракчаларды таратуу үчүн учурулганы айтылган. Кийин түштүк кореялык басылмалар таштанды, анын ичинде кык, заң салынган каптар жөнөтүлгөнүн жазышкан.

Түндүк Корея таштанды баштыктарын май айынан баштап жөнөтө баштаган. Расмий Сеул чектеш аймактардагы жашоочуларын этият болууга чакырып келет.

Өз кезегинде Түштүк Корея чектеш аймактарында үндү катуу чыгарган берүүлөрүн жанданткан. Аны кошуна аймактын тургундары Пхеньяндын пропаганда кылган медиаларына улай уга алышат.

Муну Сеул Пхеньяндын “таштанды чабуулуна” жооп экенин белгилеген.

XS
SM
MD
LG