Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:39

Орус армиясы Украинага чабуулун улантты, Сумынын инфратүзүмү зыян тартты


Чабуулга кабылган Сумы облусу. 2024, март
Чабуулга кабылган Сумы облусу. 2024, март

Орусиянын армиясы 21-июлга караган түнү да Украинага чабуул жасады. Украин Аскердик аба күчтөрүнүн командачысы Николай Олещук үч "Искандер-М" баллистикалык жана эки авиациялык ракета, “Шахед” өңдүү 39 учкучсуз учактар менен сокку урулганын билдирди. Анын 35и атып түшүрүлгөн, ал эми ракета өз максатына жеткен эмес. Калган дрондор жана ракеталар эмне болгонун ал белгилеген эмес.

Олещук абадан коргонуу системасы Сумы, Полтава, Киев, Чернигов, Херсон, Днепропетров, Донецк, Николаев, Одесса и Черкасск облустарында иштеген.

Ошол эле учурда Киев администрациясынын башчысы Сергей Попко түнү шаарда бир нече дрон учуп жүргөнүн билдирди. Анын айтымында, шаарга жакындаган учкучсуз учактар жок кылынган. Кыйроолор жана жабыркагандар болгон эмес.

Жергиликтүү аскер администрациянынын маалыматына караганда, Сумы облусунда 21-июлда эртең менен орус армиясы инфратүзүмдөргө сокку урган.

Орусиянын Коргоо министрлиги соңку чабуул туурасында комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG