Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:28

Токтогулда суунун көлөмү 11,5 млрд метр кубдан ашты


Архив
Архив

Токтогул суу сактагычында 20-июлга карата 11 млрд 579 млн метр кубдан ашуун суу топтолду. Бир ай мурда 10 млрд 551 метр куб суу бар болчу.

"Электр станциялары" ишканасы билдиргендей, учурда суу сактагычка секундасына 778 метр куб суу агып кирсе, чыгышы 420 метр кубду түзүүдө.

Марттын башында суунун көлөмү 7,5 млрд метр кубга чейин төмөндөп, өкмөт электр энергиясын берүүгө чектөө киргизе баштаган.

Токтогул районунун аймагындагы Нарын дарыясына курулган суу сактагычка 19 млрд метр кубдан ашуун суу батат. Мындай көлөмдө акыркы жолу 2010-жылы чогулган. Ага Көкөмерен, Чычкан, Узун-Акмат, Таркент жана башка дарыялар куят.

2007-2008-жылдары суу 7-8 млрд метр кубга чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген.

Адистер суунун көлөмү 6,5 млрд метр кубга түшкөндө ГЭСтин иши токтоп каларын эскертишет. (КE)

XS
SM
MD
LG