Аксыда сел коркунучунан улам көчүрүлгөн жашоочулар үйлөрүнө кайтты

ӨКМ тараткан сүрөт.2024

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Ири-Булуң жана Кара-Суу айылында сел коркунучунан улам коопсуз жайга эвакуцияланган 56 үй-булө үйлөрүнө келишти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

20-июлда саат түштөн кийин Кара-Камыш айыл аймагында кыска мөөнөттө жааган жамгырдан Кезарт каналындагы суу ташып, Кара-Суу дарыясы кирген.

Ага жакын жайгашкан 56 турак үйдү суу каптоо коркунучу жаралган.

Ушул эле күнү Аксынын Кара-Камыш, Сары-Челек айыл өкмөттөрүндө сел жүрүп, 40тай үйдүн короосун сел суулары каптаган. Төрт чакырым ички чарбалык жолдор зыян тарткан.

Шамалдын кесепетинен эки социалдык объектинин жана эки турак үйдүн чатырын шамал учуруп, электр мамычасын кулатып, 35 үй жарыксыз калган. Учурда калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканы айтылды.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) караштуу Кыргызгидромет кызматы 18-22-июль күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөргө байланыштуу чукул билдирүү таратып, өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, автоунаа жолдорунда таш кулашы мүмкүн экенин эскерткен.

Ушул күндөрү Кыргызстандын бир топ айылдарында сел жүрүп, турак үйлөрдү суу каптады. (КЕ)

Дагы караңыз

ӨКМ Адыгене көлүндө кайра байкоо жүргүзүлгөнүн, коркунуч жок экенин билдирдиОшто селден жабыркагандарга Казакстандан гумжардам келдиОрусия: Депутат менен мушташкан мигранттар "адам өлтүрүүгө аракет кылган"деп айыпталуудаАксыда 60тай үйдүн жашоочулары коопсуз жайга көчүрүлдү