Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:14

Орусия: Депутат менен мушташкан мигранттар "адам өлтүрүүгө аракет кылган"деп айыпталууда


Самара шаарынын соту Мамлекеттик Думанын депутатын жана анын айдоочусун өлтүрүүгө аракет кылган деген айып менен тажик тектүү эки тургунду жана Өзбекстандын жаранын камакка алды. Буга көчөдөгү мушташ себеп болгон. Анда депутаттын башына коюп жиберишкен жана айдоочунун колу сынган. Бул тууралуу “Свобода” жазды. Кылмыш иши алгач бейбаштык беренеси менен козголуп, кийин буга чейин мигранттарга каршы пикирин билдирип келген Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкиндин талабы менен “адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренесине өзгөртүлгөн. Окуя 18-июлда болгон. Депутат Михаил Матвеевдин белгилешинче, көчөдө адамдардын тобу экинчи топко тийишип, аларды токтотууга аракет кылышкан. Депутаттын айдоочусун таяк менен далысына, депутатты бөтөлкө менен башка чабышкан. Жактоочулары аларды үй камагына чыгарууну, айыпталуучулардын бири Орусиядагы бир топ сынактарга, аскердик параддарга катышып жүргөнүн эске алуусун өтүнгөн.

Айыпталып жаткандардын бири, 16 жаштагы Орусия жаранынын апасы сот учурунда “уулу Орусиянын патриоту” экенин айтты. Андан сырткары бул иш боюнча теги тажикстандык, Орусиянын 19 жаштагы жараны Некруз Бахиров, депутатты башына урган Өзбекстандын жараны Мурод Мусуров бар.

Ал күнөөсүн мойнуна албай, мушташкандарды бөлүштүрүүгө аракет кылганын белгилеген.

Ал сотто котормочунун жардамы аркылуу сүйлөшүүдө.

Бахиров жабырлануучулардан кечирим суроого даяр экенин айткан, бирок күнөөнү мойнуна алганбы-жокпу жазылган эмес.

16 жаштагы өспүрүм айыптоо менен макул болгон эмес.

XS
SM
MD
LG