Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:00

Ошто селден жабыркагандарга Казакстандан гумжардам келди


Оштогу сел учурундагы көрүнүш. 14-июль, 2024
Оштогу сел учурундагы көрүнүш. 14-июль, 2024

Алматы шаарындагы “Биз биргебиз Казакстан” фонду Ош облусу жана Ош шаарында селден жабыркагандарга гуманитардык жардам жөнөттү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, жалпы салмагы 40 тонна болгон жүк төшөнчү жабдыктар, азык-түлүк жана гигиеналык каражаттардан турат. Аталган мекеме жардам жабыркагандарга бөлүштүрүлө турганын билдирди.

Гуманитардык жүктү Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев, Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тосуп алышты.

14-июлда катуу жаандан кийинки селден Ак-Буура дарыясы кирип, Оштогу борбордук базарды, чет жакадагы айылдарда кыян жүргөн. Беш киши каза болуп, бир нече машинени сел агызып, үйлөр, көпүрө, жолдор жарактан чыккан. Соодагерлер чоң чыгымга учураган. Ошто жана Кара-Суу районунда жүздөгөн турак жай зыян тартты.

Буга чейин Кыргызстанда өлкө боюнча табигый кырсыктан каза болгон 25 адамдын үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон жардам бөлүнөрү айтылган.

Мындан сырткары турак жайы бузулуп, кооптуу деп табылган жарандарга дагы 1 миллион сомдон, үйү капиталдык оңдоону талап кылган тургундардын ар бирине 500 миң сомдон, Ош шаарынын борбордук базарында кырсыктан жапа чеккен соодагерлерге 100 миң сомдон бөлүү тапшырмасы берилген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG