Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:29

Аксыда 60тай үйдүн жашоочулары коопсуз жайга көчүрүлдү


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт. 20-июль, 2024
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт. 20-июль, 2024

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда дарыядагы суу кирип, 56 турак үйдүн жашоочулары коопсуз жайга көчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 20-июлда саат түштөн кийин Кара-Камыш айыл аймагында кыска мөөнөттө жааган жамгырдан Кезарт каналындагы суу ташып, Кара-Суу дарыясы кирген.

Ага жакын жайгашкан 56 турак үйгө суу каптоо коркунучу жаралган. Жарандык коргонуу кызматы Ири-Булуң жана Кара-Суу айылындагы жашоочуларды коопсуз жайга эвакуациялоо иштерин жүргүзүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын оор инженердик техникасы тартылып, дарыядагы топтолгон сууну ачуу аракети көрүлүп жатканы маалыматта белгиленген.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) караштуу Кыргызгидромет кызматы 18-22-июль күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөргө байланыштуу чукул билдирүү таратып, өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, автоунаа жолдорунда таш кулашы мүмкүн экенин эскерткен.

Ушул күндөрү Кыргызстандын бир топ айылдарында сел жүрүп, турак үйлөрдү суу каптады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG