Ташиев Оштогу борбордук базар көчүрүлө турганын билдирди

Оштогу селден кийинки тазалоо иштери. Архив сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарындагы сел каптаган борбордук базар башка жерге көчүрүлөрүн билдирди.

Ал 19-июлда Ош шаарындагы селден жабыркагандар менен жолукканда Ак-Буура суусунун боюна салынган мыйзамсыз курулуштар, көпүрөлөр, эс алуучу жайлар тазалана турганын маалымдады.

“Борбордук базар дагы толугу менен көчүрүлөт. Себеби бул кырсык дагы кайталанышы мүмкүн, буга эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан базарды коопсуз жерге көчүрөбүз. Жергиликтүү бийлик менен жаңы жерден ордуңарды алып, коопсуз жерде соодаңарды жүргүзөсүңөр”, - деди Ташиев.

14-июлда катуу жаандан кийин Ак-Буура дарыясы кирген. Кыян жүрүп, Оштогу борбордук базарды, чет жакадагы айылдарды сел каптаган.

Беш киши каза болуп, бир нече машинени сел агызып, үйлөр, көпүрө, жолдор жарактан чыккан. Соодагерлер чоң чыгымга учураган. Ошто жана Кара-Суу районунда жүздөгөн турак жайлар зыян тартты.

Ош шаарынын мэриясы борбордук базардын чыгымы эсептелип жатканын, бул боюнча түзүлгөн комиссия ишин жыйынтыктагандан кийин соода жайы ачыла турганын 17-июлда маалымдаган.

Президент Садыр Жапаров 17-июлда "Кабар" агентигине курган маегинде селден жабыркагандарга мамлекет жардам көрсөтөрүн билдирген.

Дагы караңыз

Пакистан “ал-Каида” лидерлеринин бири кармалганын маалымдады Тел-Авивдеги жарылууга жоопкерчиликти йемендик хуситтер алдыӨзбекстанда кримтөбөл атыккан Бахтияр Кудратуллаев 20 жылга соттолдуУкраина туткундагы кыргызстандык Алишер Турсуновду Орусияга өткөрүп берди