Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:56

Тел-Авивдеги жарылууга жоопкерчиликти йемендик хуситтер алды


Тел-Авив. Окуя болгон жер.
Тел-Авив. Окуя болгон жер.

Израил Тел-Авивдеги жарылуудан кийин өлкөнүн абадан коргонуусун күчөткөнүн билдирди. 19-июлга караган түнү АКШ элчилигинен анча алыс эмес жерде учкучсуз учак жарылып, бир киши каза болгонун, дагы кеминде сегиз киши жараат алганын шаардын Тез жардам кызматы билдирди.

Чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө йемендик хуситтер алды. Алардын өкүлү Израилге каршы "Яффо" деп аталган жаңы согуштук дрон колдонулганын, Газадагы палестиндерге тилектештик иретинде мындай чабуулдар дагы уланарын билдирди.

Израил аскерлеринин маалыматында дрон аныкталганы, бирок адам факторунан улам ката кетип, абадан коргонуу системасы иштегенге үлгүрбөй, эскертүү берилбей калганы айтылды. Баштапкы маалыматка караганда, учкучсуз учак өлкөнүн түштүк тарабынан учурулган, демек, бул хуситтердин соккусу деген божомол бар.

Ал тапта Израил АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАСтын башчыларынын бири Мохаммед Дейф жок кылынганы тастыкталып жатканын билдирүүдө. Израил армиясынын өкүлү Даниэл Хагари:

"Мохаммед Дейфтин жок кылынганын тастыктаган белгилер көбөйүүдө. Коомчулук муну билиши керек – Рафа Салама жок кылынганы анык. Мохаммед Дейф менен Рафа Салама сокку учурунда жанаша отурган. ХАМАС Дейф эмне болгонун жашырып жатат – биз аны тактап, тастыктап, ачыкка чыгарабыз", - деп айтты.

Израил Газадагы 13-июлдагы чабуулу “хамасчылар гана топтолгон, жай тургундар жок, ачык жерге” урулганын, максаты ХАМАСтын башчыларынын бири Мохаммед Дейфти жана Хан-Юнистеги бригада командири Рафа Саламаны жок кылуу болгонун, алар жай тургундар арасында жашынууга аракет кылганын, бирок сокку чалгын маалыматтын негизинде так урулганын билдирген. ХАМАС Дейф тирүү экенин айтууда.

  • Газадагы азыркы согуш 2023-жылы 7-октябрда ХАМАС Израилдин аймагына кол салганда башталган. Ошол күнү 1200дөй киши өлтүрүлгөн, 250дөй кишини согушкерлер Газага барымтага алып кеткен.
  • Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемесинин соңку маалыматына караганда, ошондон бери Израилдин чабуулдарынан 38 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды, дагы 88 миңдей киши жараат алды. Анклавдын 2,3 миллионго жакын калкынын көбү улам бир аймакка барып, качкын болуп жашоодо. Эл аралык уюмдар Газа калкын ачарчылык да тооруп турганын айтууда. Согуштун айынан палестин калкына карата геноцид тууралуу айыптоолор айтылууда, Израил өзү антип айтууга эч негиз жок экенин белгилеп, ХАМАСты жок кылмайынча өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч сакталып тура берерин билдирүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG