Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:51

Өзбекстанда кримтөбөл атыккан Бахтияр Кудратуллаев 20 жылга соттолду


Өзбекстанда криминалдык чөйрөдө «Бахти Ташкентский» деген каймана ат менен таанылган Бахтияр Кудратуллаевге өкүм чыкканын бүгүн 19-июлда «Азаттыктын» өзбек кызматы жазды.

Борбор калаа Ташкенттин Юнусабад райондук сотунун өкүмү менен ал «ири өлчөмдө опузалоо» жана «мыйзамсыз маңзат сактоо» деген айыптар боюнча күнөөлүү деп табылып, 20 жылга эркинен ажыратылды.

Мурдагы Советтер Союзунун кылмыш дүйнөсүндөгү аныктама боюнча «мыйзамдагы ууру» атыккан 53 жаштагы Кудратуллаев былтыр ноябрда кармалган. Ал ушундай эле атка ээ болгон дагы бир өзбекстандык жаран Салим Абдувалиевдин тегерегиндеги эң жакын адамдарынын бири экени айтылып келет.

Быйыл март айында курал-жарак жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз сактап жүргөнү үчүн алты жылга түрмөгө камалган Абдувалиевдин өзбек бийлигиндеги таасирлүү аткаминерлер жана евразиялык маңзат соода түйүнү менен байланышы бар экени белгиленүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG